Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53
“Бакиев президенттик шайлоого барбайт”. Бүгүн жарык көргөн “Ачык саясат” гезити мына ушул аталыш менен жарык көрдү. Президент Бакиев түштүккө жасаган сапарында: “Мен айттым, шашпагыла, мөөнөтүм бүтсүн, анан келгиле, мен түбөлүккө калайын деген оюм жок. Булар ойлоп атат окшойт, Бакиев дагы Акаевдай мөөнөтү бүткөндөн кийин деле, “мен мынча иштерди баштадым эле, ушунун аягына чыгып койойун дейт” деп. Суранбайм мен, коркпой эле койсун алар, президенттикке даярданып аткандар даярдана берсин” деп айткан сөзүн шилтеме кылуу менен айрым саясатчылардын ушуга карата ой-пикирлерин жарыялады.

Ө. Текебаев, бир маанидеги убаданы башка берсе да Бакиев бербестигин, ал болгону Конституциялык мөөнөтүнүн чегин айтып атканын, анын Конституциялык мөөнөтү 2015-жылы аяктарын айтса, А. Бекназаров, президенттин бул сөзү элдин башын кезектеги айландыруу деп эсептерин, бул сөзүнө таң да калбаганын айтты. М. Ниязов, “Эгер Бакиев чынында эле ошондой кадамга барса акыл-эстүүлүк кылмак.

Азыркы абалды туура баамдап, элине кыянаттык кылбайм десе, ушул кадамга барышы керек. Бүгүн бийликке ишенем деген бир дагы адамды жолуктура элекмин. Азыркы учурда “тезек тергиле” деген сөз эларалык уюмдардын, дүйнө элинин алдында кыргыз элинин абийрин төгүп, шылыдың кылууда” деп, М. Чолпонбаев, “Бакиевдин бул сөзүнө түк ишенбейм” деп, Д.Сарыгулов, “мыйзам жол бергенден кийин кийинки президенттик мөөнөткө бара берсе болот” деп, Т. Мадылбеков, “президент бул сөздү бекеринен айткан жок. Анткени, ал адам жогорку бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колунан чыгарып жиберди.

Кол алдындагылардын эки топко бөлүнүп тирешүүсү, оппозиция өкүлдөрүнүн биригиши аны ушундай сөз айтууга аргасыз кылып койду. Бирок буга чейин айткан сөздөрүнүн бирин да аткарбагандан кийин ишениш кыйын” деп, ЖК депутаты Г. Султаналиева, ишенгиси келерин, бирок ишенбестигин, А. Орозбаков, “Үч жылдан бери бийлик айткандарын тескери жасап келатат, анын “барбайм” дегени “барам” дегени” деп, К. Исаев, Бакиев милдеттүү түрдө шайлоого барарын, Б. Ааматов, “Антип айтканы чын болсо анда Кыргызстанды энергетикалык, экономикалык, саясый кризистен чыгара албасына көзү жетти.

Алы келбей калганын түшүндү. Президенттик шайлоого барбайм десе демек барбайт” деп, К. Булатов, “Себеби оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнөн чочулады окшойт, балким аймактарды кыдырып элдин чыныгы жашоосун көргөн соң ишти жөндөй албасын түшүндү” деп, Бакыт Бешимов, “Мен андай сөздөргө ишенбейм.

Азыркы президент жүргүзүп аткан мамлекеттик башкаруудагы саясаттын келечеги жок. Үйбүлөлүк башкарууга таянган система өткөн доордун калдыгы, эгер президент чындыгында эле шайлоого барбайм деген ойдо турса, тарыхта чечкиндүү президент болуп кала берет” деп жооп берди.

Ушул эле гезит “Ата Мекен” патриясынын Нарын аймактык уюмунун координатору А. Шыкмаматовдун азыркы бийлик башындагылардын эки карама-каршы топко бөлүнүп алып кырчылдашканын жиликтегиси келген макаласына да орун берген. Гезит ошондой эле Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Ал эми айылчарбасындагы буудайдын түшүмү жөнүндө сөз кылган гезит, бир кезде Акаевдин түбүнө эгин жыйноо боюнча апыртма отчет берген акимдер менен губернаторлор жеткенин, алардын көбү азыр деле иштеп, апыртма отчетторун берип келатканын, ошентип Акаевди аңга салгандар, бүгүн Бакиевди чаңга салып жатканын жазды.

“Кыргыз руху” гезити “23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү” деген рубрика алдында белгилүү журналист Т. Орокчу уулунун “Кыргыздын өз байлыгы эле эмес, сөз байлыгы да кемиди” деген макаласын басты. Автор анысында эне тил көйгөйү жөнүндө сөз кылып, кыргыздын өзү, мамлекети, экономикасы эле жардыланмак тургай эне тили да жардыланганын кейиш менен кеп кылды.

Баш макаласынын атын “Диверсия” деп атап, ар-намыстан, абийирден, адамгерчиликтен ажырап калган адамдар Кыргызстанды энергетикалык кризиске алып келди, муну Мекенге, элге карата чыккынчылык деп коет, Сталин мындай чыккынчыларды суроо-сопкутсуз эле аттырып салган, кеп Токтогул суу сактагычындагы сууну ким сатып жиберди, ал кимдин бир тууганы эле деген имиш-имиште эмес, кеп мындан ары кыргыз мамлекети жашап калабы жеп жокпу деген маселеде турат. Сууну сатты деп жатабыз, эмне буга чейин суу сатылбай келди беле?

Суу эле эмес алтын да сатылып келген. Андаш, Жерүй, Кумтөр сатылган, кыргызга эмес башкаларга. Жашоо токтоп калчудан бетер Кант цемент-шифер заводун, Токмоктогу айнек заводун саттык. Кыргызстан бүгүн жер үстүндөгү байлыгын гана эмес, жер астындагы байлыгын да сатып жиберди. Бул эмне, кыргыздар үчүн акыр заман келип, улут катары, мамлекет катары жок болот деген кепби? Кыргызстан отчеттордо гана өнүгүп жатат. Ал эми чыныгы турмуш такыр башка.

Өнүксө Бител, Кател, Мегаком, Фонекс, Газпром, Альянс, ШНОС өнүгүп жаткандыр. Бирок булардын баары Ата Мекендики эмес, чет элдики. Биз күндөн күнгө кургуйга кулап баратабыз. Кыргызстанды кылыч мизине салып бергендердин артында кандай күчтөр турат, маселе мына ошондо деп жазды.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен көмүрүнүн көптүгү боюнча Кыргызстан 3-орунда турарын эске салган “Кыргыз туусу” гезити жыл сайын ушу тапта теле-радиодо айтылып жүргөндөй 1 млн. тонна эмес, кезинде 4-4,5 млн. тонна ташкөмүр казылып алынып келгенин, ал эми ПЕСАК долбооруна алданган Кыргызстан көмүр казчу техникаларын да сатып жиберип, эми көмүрдү колу менен казып калганын, болбосо кубаттуулугу Кузбастыкынан кеме эмес көмүр кени Өзгөндө жатканын, Нарындагы Кара-Кече 4-5ке бөлүнүп, жеке менчик ишкерлерин иштетпей, бүгүн бул жерде кырдаал оордугун, “Беш Сары” отун базасында 50-60 тоннадай Караганда, 100 тоннага жетпеген Каракече көмүрү барын, кардарлар көмүрлөрдүн сапаты начар болгондуктан көрөрү менен эле тескери басып кетип аткандыгын, ал эми ортомчулар кесек, тандалма көмүрлөрдү жүктөп кетип, башка жактарда тоннасын 3500-3700 сомдон сатып олтурганын, “Акжол” отун базасында бир тоголок да көмүр жоктугун, “Казакстандан көмүр күргүштөп ташылып келип жатат” деген маалымат карандай калп экенин, Бишкектин калкы отунга дале “ачка” экенин, ортомчулардын күнү тууп жатканын, ушунун баарын көрүп-билип туруп Бишкек мээриясы “көмүр көп, отун базаларында толтура” деп элди ынандырып жатканын баяндады.
XS
SM
MD
LG