Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Aк үйдө жазуучулардын чоң тобу менен жолугушуу өткөрдү. Анда бийлик менен көркөм сөз ээлеринин ортосундагы ажырымды бүтөөгө аракеттер жүрүп жаткандыгы айтылды.

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу буга чейинки Aк үйдүн жазуучуларга далысын салган мамилеси республикадагы экономикалык өсүштүн өйдөлөбөгөндүгүнөн улам болуп келгендигин, айрым кошуна мамлекеттерде башкача маанай өкүм сүрүп, алардын киночулары да, ырчылары да, жазуучулары да, каалагандай кино, аудио-альбом, китеп чыгарууга, ал тургай калемакы алганга жетишип калышкандыгын жашырбады. Досбол Нур уулу эмдиги жылдан баштап мамлекет эсебинен айрым китептерди чыгаруу колго алынарын жарыя кылды.

Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтканы боюнча министрликтин алдында ошондой мамлекеттик колдоого алынуучу китептерди чыгара турган заманбап жабдуудагы басма комплекси уюштурулуп жатыптыр. Биринчи жылы ошол басмага мамлекет тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнүп “Доор” аттуу болочок журналды да ай сайын чыгаруу мүдөөсү бар.

Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов жыйында китеп чыгаруудан сырткаркы көйгөй маселе катары жазуучуларды эл аралатууга, башка республикалар менен чыгармачылык байланыш түзүүгө, ал тургай жыйын өткөрүүгө да каржы жоктугун белгиледи.

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун айтуусунда, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу – коомдук уюм болгондуктан, мамлекеттик каржылоого мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн аны Маданият жана маалымат министрлигинин курамына киргизсе кандай болоор эле деген маселени койду.

Омор Султанов мындай маселеге жакында болгон сүйлөшүүдө Президент Курманбек Бакиев каршы болгондугун эскертти:

- Дал ушул маселени айтканымда, а киши жазуучулар союзун маданият министрлигине кошкон тажрыйба КМШ өлкөлөрү боюнча жоктугун, жазуучулар союзу деген эркин болгону жакшы экендигин айткан.

Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков жазуучулар союзундай эле коомдук уюм –Илимдер улуттук академиясын мамлекет каржылап эле келе жатпайбы деген суроону кырынан койду. Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов болсо жазуучулар союзунун Маданият жана маалымат министрлигине кошулушун туура көрөт.

Аталган министрлигинин алдындагы жаңы басмага 2,5 млн сом бөлүнсө, андан биринчи кезекте көзү өтүп кеткен классик жазуучулардын керектүү чыгармаларын, балдар үчүн чыгармаларды, жомокторду, мектеп окуу программасына кирген жазуучулардын чыгармаларын китеп кылып чыгаруу зарыл деген сунуштар айтылды.

Ал эми Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова мамлекет жок дегенде чоң жазуучулардын турмуш-жайына каралашпаса болбой калды деп, өзү угуп келген Казакстандын тажрыйбасын кулак кагыш кылды:

-Чоң-чоң жазуучуларды ошо өз-өзүнүн райондоруна бөлүп бериптир “шефке” алганга. Менин курбум Фариза Онгарсыновага, маселен, өз району үч кабат үй салдырып, китептерин чыгарып бериптир.

Мамлекеттик катчынын жазуучулар менен жолугушуусунда жазуучу Мелис Абакиров Президент Курманбек Бакиевдин “Бөбөк” деген басма ачуу боюнча берген убадасы аткарылбагандыгын эске салды. Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев болсо мамлекеттик катчыга адабият менен көркөм өнөрдү түшүнгөн бир адисти Ак үйгө кызматка алуу жагын сунуштап, ошондо гана бул тармакка түшүнбөстүк менен мамиле кылуу азаят деген пикирин айтты.
XS
SM
MD
LG