Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

13:30 Д.Кудаяров: Иса Ахунбаев мыкты дарыгер эле эмес улуу устат эле


Бүгүн Илимдер улуттук академиясында “ Академик Иса Ахунбаевдин мезгили жана мейкиндиги” деген аталыштагы мемориалдык конференция өттү. Ага Кыргызстандын илим чөйрөсүндөгү аалымдар, Ахунбаевдин шакирттери, медицина тармагынын кызматкерлери, А.Н. Бакулев атындагы Орусиянын медициналык илимдер академиясынын директору, Орусиянын саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Л.А.Бокерия катышты. Конференцияда Иса Ахунбаевдин өмүр жолу медицина илиминдеги жараткан иштери, кыргыз илимин жогорку деңгээлге көтөрүүдөгү уюштуруучулугу айтылды. Жыйынды алып барган Илимдер улуттук академиясынын вице-президенти Дүйшө Кудаяров улукман дарыгер Иса Ахунбаевдин Орто Азияда жүрөккө биринчи болуп операция жасаганын, кыргыз илимдер академиясынын биринчи президенти катары анын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн, медицина тармагына кошкон зор салымын, анын улуу устаттыгын белгиледи. Кудаяровдун айтымында, учурда Ахунбаевдин 300 ашуун илимий-иштери, шакирттери, анын жолун улаган жүздөгөн дарыгерлер бар. (AJ)

XS
SM
MD
LG