Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

14:25 Жогорку сот Кумтөр алтын кенинин арызын кароону 6-октябрда улантат


Бүгүн Жогорку сот Ысык-көл облустук, Бишкек райондор ортолук экономикалык сотунун Кумтөр алтын кен компаниясынан 10 миң 70 га жер участогу үчүн жер салыгын өндүрүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу боюнча Кумтөр алтын кенинин аппеляциялык арызын карады. Кумтөр компаниясы азыркы алтын өндүрүүчү ишкана курулган жерди 15 жылга ижарага алып, бирок да жер салыгын жайыт катары төлөп келген. Жогорку сот болсо канадалык Камеко корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн 1992-жылдагы башкы келишимдин нускасын алып келүүнү тапшырып, сот жараянын 6-октябрда уланта турган болду. Буга чейин Жети-Өгүз районунун салык инспекциясы менен аталган райондун прокуратурасы Кумтөр алтын кенине ижарага берилген 10 миң 70 га. жер участогунан өнөр-жайы үчүн жер салыгын өндүрүп алууну талап кылып келатышкан. Эгер ал талап сотто ырасталса алтын кен компаниясынан Кыргызстан бүджетине 94 млн. сомдон ашуун каражат түшөт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG