Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

17:00 Чүйдө шайлоого болгон активдүүлүк төмөн болууда


Бул туурасында Чүй облустук шайлоо комиссиянын төрайымы Рахат Иманбекова бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда, Чүй аймагындагы айылдык кеңештерге бирден гана талапкерлер көрсөтүлгөн учур өтө көп болууда. Ал эми айрым бейөкмөт уюмдардан билдиргенге караганда, аймактагы элге шайлоо туурасында жеткиликтүү маалымат берилбей жатат. Жадесе кайсыл чөлкөмдөн ким талапкер болуп жатканы туурасында толук маалымат жок деди Сокулук районунун тургуну Уран Рыскулов. Учурда Чүй облусу боюнча райондук кеңешке 392, айылдык кеңешке 2360 талапкер көрсөтүлдү. Талапкерлердин ичинде «Ак жол», «Социал демократтар», «Коммунистер» партиясынын өкүлдөрү басымдуу деп билдиришти облустук шайлоо комиссиясынан. (JJ)

XS
SM
MD
LG