Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

17:05 Бүгүн мамлекеттик тил күнүнө байланыштуу иш чаралар өттү


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Азимжан Ибраимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда бүгүн Маданият министрлигинин бир катар мекемелеринде, жогорку жана кесиптик окуу жайларда, орто мектептерде мамлекеттик тил күнү шаңдуу белгиленди. Ал ошондой эле мамлекеттик тил күнүнө байланыштуу каада-салттарды, үрп-адаттарды чагылдырган майрамдык иш чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде, Орто-Азиядагы Америка универститетинде, Энергетика, Айыл чарба мистрликтеринде жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн кошумчалады. Ибраимовдун айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аталган комиссия бардык аракеттерди көрүп, бир катар алгылыктуу иштерди алып барууда. Ал эми тилчи-лингвист Шералы Жапаров болсо “Азаттыктын” таңкы маегинде кыргыз тили жакшырбаганын, кыргызмын деп эсептеген кыргыздар өздөрү кыргыз тилине көңүл бурбай жатканын билдирген. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил деген макам берген атайын мыйзам кабыл алынган эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG