Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Өткөн жумада Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика министрлери жолугушуп, кыш мезгилинде өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Ага ылайык казак тарап Кыргызстанга 250 миллион кВт/с электр кубатын бермекчи. Бирок бул жыйынга өзбек тарап катышпагандыктан айрым маселелер чечилбей калган. Кыргыз тарап эгер Өзбекстан келишимге келбесе эмки сугат маалында кошуналарга суу берүү маселеси да татаалдашаарын кыйытууда. Бул арада Кыргызстан энергетикалык кризиске кабылып, алдыдагы кыш кыйын болоору боолголонууда.

Алматыдагы жолугушууда үч тарап негизинен кыш мезгилинде биргелешип кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” жолугушуунун максаты тууралуу буларды айтты:

- Кыш мезгилинде биргелешип аракеттенүү жана эмки жылдын сугат маалына суу топтоо маселеси каралды. Бирок ага Өзбекстан катышкан жок, алардын катышуусу абдан маанилүү эле, анткени жайында өзбек туугандарга суу керек болот.

Өзбек тарап Алматыда өткөн буга чейинки жолугушууда Нарын-Сыр-Дарыяны улут аралык дарыя катары таануу талабын коюп, бирок ага башка тараптар көнгөн эмес. Министр Балкыбеков азыркы жолугушууга Өзбекстандын катышпай калышын ушул маселеден көрөт:

- Өзбек тарап ошондой талап коюп жатышат, эгерде аны аткарбасаңар силер менен иштешпейбиз деп. Алматыдагы жыйынга ошон үчүн келишкен жок.

Өзбек тараптын мындай талабы кыргыз коомчулугунда өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген, аткарууга мүмкүн эмес талап катары бааланган. Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев да Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелеген мындай макулдашууга барбаш керектигин айтат:

- Өзбек туугандар биздеги кыйын абалды өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангылары келип турушат окшойт. Туура эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеген мындай келишимге барбашыбыз керек.

Экономист, профессор Айылчы Сарыбаев болсо мындай талаптардын чыгышын сүйлөшүүгө катышып жаткан Кыргызстандын өкүлдөрү өзбек тарап менен тиешелүү деңгээлде сүйлөшө албаганынан көрөт

- Суу-энергетика боюнча мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөргө жөндөмсүз адамдарды жөнөтүп коюп жатпайбызбы. Ошол бизди азыркыдай кризиске учураткандар кайра ошондой эл аралык келишимдерди түзүү үчүн барып жатпайбы. Анан жыйынтыгы жанагындай... Өзбекстан бизди теңине албайт. Биздин комиссиянын курамын, деңгээлин карап туруп теңине албай жатат да...

Айылчы Сарыбаев эгер мындай келишимге барчу болсо ириде Кыргызстандын кызыкчылыктары корголушу керектигин да кошумчалады.

Алматыдагы жолугушууда казак тарап кыш мезгилинде 250 миллион кВт/с. электр кубатын берүү ниетин билдирген. Ошол эле учурда кыргыз-казак тарап биргелешип, Түркмөнстандан 1 миллиард электр кубатын берүүнү сурап, мындай өтүнүчтү жеткирүү ал жыйынга катышкан бул өлкөнүн элчисине берилген.

Жакында эле бул маселе боюнча Түркмөнстанга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген министр Сапарбек Балкыбеков бул өлкө электр кубатын сатуу боюнча алдын ала 4 өлкө менен келишим түзүп койгондуктан мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин айтат:

- Себеби Түркмөнстанда жылына 2 млрд. кВт/c гана электр кубатын экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Иранга, Ооганстанга, Түркияга жана Тажикстанга электр кубатын сатуу боюнча макулдашып койгондуктан, алардагы ашыкча электр кубаты сатылып кетти десек болот.

Министрдин айтымында Түркмөнстан Тажикстанга сентябрь айынан тарта 1 миллиардан ашык киловатт саат электр кубатын берүүгө макулдашып, бирок аны Өзбекстандан алып өтүү маселеси чечилбегендиктен келишим азырынча ишке аша элек.

Депутат Осмон Артыкбаевдин пикиринде, Кыргызстанда да энергетика каатчылыгы жазында эле белгилүү болгондуктан, кыргыз тарап да ошондон тарта эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек эле:

- Акыркы күндөрү минтип туш тарапка чуркап жатышы энергетикага тиешелүү жетекчилердин компетентсиздигин көрсөтүүдө. Жазында эле ушинтип чуркап, көп маселелерди азырга чейин алдын-ала чечип койсо болмок. Эми бул кризис өзүнөн-өзү чыккан жок. Жалаң эле аба ырайына байланыштуу эмес, тармакты туура эмес башкаруудан келип чыкты.

Министр Сапарбек Балкыбековдун айтымында, Өзбекстан менен суу-энергетика маселеси боюнча сүйлөшүү дагы уланат. Тараптар эгер азыр келишимге келбесе анда кыргыз тарап кышында электр кубатын көбүрөөк өндүрүү үчүн Токтогул суу сактагычынан сууну коюп жиберүүгө мажбур болуп, анда жайкы сугат маалында Өзбекстан менен Казакстанга суу берүү маселеси дагы татаалдашат.

Ошентип суусу, ГЭСтери менен мактанып келген Кыргызстандын энергетика тармагы кыйын кезеңге кабылды. Кыйыны ушул, Токтогул суу сактагычына жазында күтүлгөндөй суу топтолбой, азыр 10 миллиард куб метрге да жетпей турат. А былтыр бул маалда 13 миллиарддай суу болуп, жаз айларында суунун көлөмү эң төмөнкү чекке жакындап калган эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG