Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Ш.ЖАПАРОВ: ӨЗҮН ӨЗҮ СЫЙЛАГАН КАЛК БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЭНЕ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн (23-сентябрь) кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 19 жыл болот. Ушул тарыхый окуяга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маеги филология илимдеринин доктору, тилчи-лингвист, профессор Шералы Жапаров менен уюштурулду.

- Кыргыз тилине мамлекеттик макам берилгенине бүгүн 19 жыл толуп отурат. Бул аралыкта тилибиздин абалы 19 жыл мурункуга караганда канчалык деңгээлде жакшырды, деп айта аласыз?

Ш.Жапаров: - Албетте кыргыз тили анчалык оңолуп, жакшырып кете алган жок. Болжол менен ошол деңгээлден бир аз төмөндөп кетти десек да болот. Анткени өзүн кыргызмын деп эсептеген кыргыздар өздөрү кыргыз тилине көңүл бурбай жатышат.

-Кыргыз тилинин орфографиясы “көкбөрүгө” алынып, улам бир токтом менен жаңы эреже киргизилип, кайра ал жокко чыгарылып келе жатат. М: Жер-суулардын энчилүү аттары бөлүнбөй, кандай угулса ошол бойдон жазылышы керек деген эреженин негизинде Жалалабат деп жазылат делсе, эми кайра мурункудай Жалал-Абад деп бөлүп жазыла турган болду. Ошол эле учурда Кадамжай, Казарман, Таштак сыяктуу жер аттары да бөлүнүп жазылганы кездешет. Негизи кайсы эреже биздин тилибизге ыңгайлуу?

Ш.Жапаров: - Биздин тилибиз боюнча мурда 1953-жылы кабыл алынган эреже бар да, ал 2003-жылы 1-январга чейин жашап келди. Анан бир аз тыныгуу болду. Менинче, мурдагы шарттуу түрдө кабыл алынып келген эрежебизди кабыл алып, ошону пайдаланышыбыз керек. Көптөгөн муундарыбыз ошону пайдаланышат, азыр деле ошого көнп калганбыз.

- Чечкиндүү кадамдардын арасынан кандай кадам жасалыш керек деп ойлойсуз?

Ш.Жапаров: - Чечкиндүү кадамдардын бири - мамлекеттик деңгээлде мамлекет башчылары, андан кийин ушул тармакты кармаган, эптеп эле жанын багып нан жеп жүргөндөр бардыгы ордун бошотуп бериш керек дагы, элдин жүзүн, күзгүсүн сыйлаган адамдарды ошол багытта көмөктөштүрүш керек.

Антпесек болбойт, ал бекеринен айтылып жаткан жок. Көрүнүп турат, мисалы мен адис катары муну тартынбай эле айтам. Муну айтуу менен бирге биз өзүбүздү өзүбүз сыйлагандыктын белгисин байкашыбыз керек.

- Бизде кыргыз тили мамлекеттик тил болгону менен орус тили расмий тил катары дагы макамга ээ. Көбүнчөсү ушул жактан дагы кыргыз тили басылып калып жатабы деген ой келет?

Ш.Жапаров: - Албетте, дүйнөдө жападан жалгыз өзүнүн тилине өзү стат укук алган бул кыргыздар. Бир чети кандайдыр бир өзүн өзү сыйлабагандыктын белгиси да болуп жатат да. Өзүн өзү сыйлаган калк биринчи кезекте өзүнүн тилин сыйлайт. Анан калган тилдерди, 5-10 тил билесизби үйрөнө бериңиз, сүйлөй бериңиз, ал сиздин потенциалдык мүмкүнчүлүгүңузгө байланыштуу да.

-Шералы мырза, сизге чоң рахмат

XS
SM
MD
LG