Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Кыргызстандын Жогорку Соту 23-сентябрда “Кумтөр” алтын кен компаниясынын апелляциялык арызын кароону улантты. Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту быйыл 15-майда “Кумтөр” алтын кен компаниясы убактылуу ижарага алган 10 миң ашуун гектир жер салыгын төлөп берүү чечимин чыгарган. Аны Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Мындай чечимди туура эмес деп эсептеген алтын кен компаниясы Жогорку Сотко кайрылган.

1992-жылкы Башкы келишим боюнча “Кумтөр” алтын кен компаниясына 10 гектирден ашуун жер 15 жылга ижарага берилген. Ал жерге “Кумтөр” алтын кен компаниясы ушу кезге чейин мал жайыт катары эле болоор-болбос салыгын төлөп келатат. Айыл чарба жерине алтын кен фабрикасын, учуучу аянт, уулуу зат калдыктары, жатакана шаарчасын куруп алган компания өнөржай ишканалары үчүн салык төлөө керектигин ырастап, Жети-Өгүз райондук салык инспекциясы, ага удаа райондук прокуратура сотко кайрылышкан.

Антишке жүйөө катары 1994-жылкы өкмөт чечими менен айыл чарба жери өнөр жай үчүн өзгөртүлгөнү келтирилип, аны Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту да ырастап берген. Экономикалык, андан соң Ысык-Көл облустук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен “Кумтөр” алтын кен компаниясы Кыргызстандын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Компаниянын өкүлү Валентин Чернышевдун айтуусунда, мал жайытты өнөр жай курулушуна ылайыктоо үчүн райондук кеңештин чечими чыгып, ал облустук юстициядан каттоодон өтүшү зарыл:

- Алар өкмөттүн 1994-жылкы токтомунун негизинде бул жерлер өнөр жайы үчүн өзүнөн-өзү өтүп кетет, деп такай айтып келатышат. Мен жер өзүнөн өзү өзгөртүлбөйт, ал өкмөт токтому менен жасалат деп айттым. 1994-жылкы токтомго байланышкан толгон-токой укуктук материалдарды мен “Токтомдон” көчүрүп сотко алып келип бердим. Анда жер бөлүнсүн, берилсин деп бажырайып жазылып турат, бирок өзгөртүлсүн, ылайыкташсын деген жери жок.

Сотко үчүнчү тарап катары катышып жаткан парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Кумтөр” алтын кен компаниясы 10 миң 70 гектир жерге 16 жылда 7 миң доллар жер салыгын төлөгөнүн ырастады. Жер салыгынын негизги өлчөмдөрү боюнча компания өнөр жайы үчүн жер салыгын төлөшү керек эле:

- Бул жерде толугу менен өнөр жай курулган. Өкмөттүн токтомунда да өнөр жай курганга деп турат. Ошонун негизинде булар өнөр жай объектиси деп каттоодон өтүшкөн. А булар чочко менен кой багып атабыз дегендей, жайыт деп төлөп атышпайбы.

К.Исабеков жер салыгынын негиздерин аныктаган мыйзам 2002-жылы кабыл алынганын, ага ылайык салык инспекциясы “Кумтөр” алтын кен компаниясы жер салыгынан эле 94 миллион 177 миң сом төлөмөр экенин ырастап сотко беришкенин билдирди. Ал эми Жети-Өгүз райондук салык инспекциясынын жетекчиси Сыдыкбек Абдыкалыков компания жыл сайын жайытка деп 33 миң сом жер салыгын төлөп келатканын ырастады:

- Ошол жер салыгы боюнча мыйзам чыккандан бери эле ушул маселе көтөрүлүп келатат. Биз менен талашып булар маселени чечпей, жарымын калтырып келатат. Жайыт дешет.

Жети-Өгүз районунун прокурору Медер Абдышев соттук териштирүүгө түшкөн талаш маселе 2002-жылдан берки эле жер салыгы дейт.

- А эгер 1994-жылдан беркиси саналса канча болорун билбейм.

Алтын кен комбинаты ишке киргенден берки өнөр жай үчүн жер салыгы эсептелбегенин, азырынча 2002-жылдан берки салык чатагы гана сотто териштирилип жатканын республикалык Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин өкүлү Сүйүн Асанов да кабарлады.

- Айыл чарба жери болсо ал жерде жайыт болуш керек, мал жайылышы керек. Ал жерде булардын аэропорту, кампасы, имараттары бар. Демек айыл чарба жери эмес болуп жатпайбы.

Жогорку Соттун алтын кен компаниясынын жер салыгын териштирчү кийинки отуруму 6-октябрга жылдырылды.
XS
SM
MD
LG