Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

18:35 Кара-Суу районуна караштуу 100 гектар аянт өрткө чалдыкты


Бул туурасында Чукул кырдаал министринин орун басары Бакир Жолчуев «Азаттыкка» билдирди. Анын кабарлоосуна караганда, Мады айыл өкмөтүнө тиешелүү Көк-Бел-Лаглан участогунда 100 гектар аянтты өрт чалып, адегенде жайыттар күйсө, эми тилсиз жоо арча токоюн каптады. Кесепеттин себеби такталууда, ошол эле учурда жалынды өчүрүү максатында министрликтин 20 чакты адиси аракеттенүүдө. Экология боюнча адис Курсант Аттокуров жергиликтүү калкты, зарыл болсо окуучуларды, студенттердин эмгегин пайдаланмайынча өрт токтобосун айтып, жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жүздөгөн түрлөрүн сактап калууга аракет жасабаган бийликти кескин сындады. (ATo)

XS
SM
MD
LG