Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Нью-Йоркто, Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бүгүн талкуулар башталууда. Анда бүгүн сөз алуучулар арасында АКШнын президенти Жорж Буш, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Франциянын президенти Николя Саркози бар. Башкы ассамблеянын бул жолку отуруму глобалдык экономикадагы будуң-чаңдан, террорчулардын Пакистандагы соңку чабуулунан, Орусиянын өткөн айда Грузияга кол салуусунан улам дүйнөдө чыңалган абал жаралган учурга туш келүүдө.

АКШнын президенти Жорж Буш мамлекет башчысы катары Башкы ассамблеядагы коштошуу сөзүндө, бул дүйнөлүк орган туш келип турган маселелердин көбүнө, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасынын чыныгы максаттарына, Орусия Грузиянын эки жикчил аймагында аскерлерин кармап турушуна, Исламабадда америкалык менчиктеги Марриот мейманакасында өткөн апта соңу жасалган ири жардырууга да токтолоору күтүлүүдө.

Бирок эл аралык каржы базарларында алигиче уланып жаткан будуң-чаң Башкы ассамблеядагы талкуулардын маанайына таасир тийгизчүдөй. Маселен БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун АКШ өкмөтүнүн олку-солку болуп турган каржылык системаны колдоо үчүн 700 миллиард доллар ажыратууну караган планына камтамачылыгын билдирди. Башкатчынын пикиринде, Буштун администрациясынын планы боюнча акча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам кылгандын ордуна, кыйынчылыкка кабылган банктарды аман алып калуу үчүн жумшалат.

АКШ администрациясынын сунуш кылып жаткан планы, эгер тез ишке ашырылса, каржы базарларындагы глобалдык баш-аламандыкты токтоторуна ишендирүү аракетинде бул маселеге өз сөзүндө президент Жорж Буш дагы кайрылчудай.

Ал эми БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун Миң жылдыктын өнүгүү планында каралган максатты орундатуу үчүн, Африкадагы жакырчылыкты кыскартууга 72 миллиард доллар ажыратуу боюнча чакырыгына Башкы ассамблеядагы талкууда көңүл аз эле бурулат өңдөнөт.

Трибунага АКШ президентинен эки сааттан кийин көтөрүлүүчү Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежадын Нью-Йоркко келүүсү кайрадан кыжырданууларды жаратты. Былтыр ал сүйлөп жатканда америкалык делегация залдан чыгып кеткен, ошондой эле Ирандын өзөктүк иштерине каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар өткөн эле.

Кечээ БУУнун кеңсесине жакын жерде жөөт топтору уюштурган демонстрацияга , 2 миңдей адам жыйналып, алар Иран лидери БУУнун башкеңсесине киргизилбешин талап кылышты. Демонстранттардын бири мындай дейт:

- Бул жыйындын максаты - Иран өзөктүк куралга жетүүсүнө жолтоо кылуу. Эгер Иран өзөктүк куралга ээ болсо, Израилди жок кылат, андан кийинкиси Америка болот. Алар Израилди кичинекей шайтан, Американы чоң шайтан дешет. Бул экөөсүн тең талкалайт.

Кошмо Штаттар алдыдагы сессияда Иранга каршы Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясы кабыл алынышын талап кылчудай. Бирок Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөлөрүнөн Кытай менен Орсия бул идеяны көп жактыра беришпейт, алар Тегеран программасынын талаштуу бөлүгүнөн баш тартуусу үчүн дипломатиялык аракет көрүүнү колдошот.

Анткен менен аталган эки өлкө көнгөн маселе - Ооганстан болду. Коопсуздук кеңеши эл аралык аскерлердин Ооганстанда туруу мөөнөтүн дагы бир жылга кечээ бир добуштан узартты. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Москванын бул маселе боюнча колдоосун төмөнкүчө билдирди:

- Орусия Ооганстанда террорчулука жана Талибанга каршы күрөшүүдөгү эл аралык аракеттерге чоң маани берет. Бүгүн биз бул резолюцияны бир добуштан кабыл алганыбыз үчүн абдан кубанычтабыз.

Ал эми Грузия боюнча божомол башка. АКШ президенти Жорж Буш Башкы ассамблеядагы сөзүндө АКШнын Грузия өкмөтүнө колдоосун кайталап, Грузиянын жикчил аймактары катары эсептелген Түштүк Осетия менен Абхазиядагы орус аскерлерин чыгарууга чакырыгын жасамакчы. Ушундай эле нерсени өз сөзүндө грузин президети Михаил Саакашвили да айтары шексиз.

Бүгүн сөз алуучулардын дагы бири Франция президенти Николя Саркози, мекенинде колодогондор анчалык көп эмес экенине карабай, Орусия менен Грузиянын ортосунда тынчтык орношуна ортомчулук кылып, Сирияны саясий изоляциялоону токтотуу демилгесин көтөрүп, өзүн дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчу катары көргөзө алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG