Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

А.ИБРАИМОВ: БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИЛЕ БАШТАДЫ


Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага Кыргызстанда бүгүн (23-сентябрь) тил майрамы белгиленүүдө. Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы берилген. Он тогуз жыл аралыгында кыргыз тилинин абалы, ага болгон камкордук тууралуу “Азаттыктын” кечики берүүсүнүн түз обосунда Улуттук тил комиссиясынын жетекчисинин орунбасары Азимжан Ибраимовду маек куруп берди.

- Айрым маалымат каражаттарында Кыргызстанда тил майрамы шаңдуу белгиленгендиги айтылууда. Мындай шаң-шарапатка канчалык негиз бар?

А.Ибраимов: - Мындай шарапат кылганга абдан негиз бар. Анткени, биздин “Мамлекеттик тил боюнча мыйзам” кабыл алынганына быйыл 19 жыл болуп атат. Ошол 19 жылдан берки Кыргызстандын аймагында мамлекеттик тилдин жакшы жактарын алып көрсөк, белгилүү бир жыйынтыктарды чыгарсак болот. Биринчи жыйынтык, акыркы мезгилдерде республикада укуктук ченемдик базаны чыңдаганга жетиштик. Биз уюштуруу иштерине жакшы жетишүү менен республиканын аймагында кайсы бир деңгээлде идеологияны жүргүздүк.

Жалпы биздин калкыбыз мамлекеттик тилдин зарылчылыгын, анын конституциялык статусун тааныгандай болушту. Мамлекеттик түзүлүштү, биздин улуттук символикалар – гербди, тууну кандай биз урмат көргөзүп сыйласак, кыргыз тилине дагы ошондой урмат сый пайда боло баштады.

- 2004-жылы кабыл алынган толуктоолор менен Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил бойдон калып, орус тилине расмий макам берилген эле. Орус тили - расмий тил болбосо өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө залал келет деп негизделген эле. Бүгүнкү турмушту, экономикалык абалды өзүңөр көрүп атасыңар, чынында эле орус тили болбосо Кыргызстандын экономикасы бутуна туруп кеталбайбы?

А.Ибраимов: - Бул убагында өңдү көрсөтүш үчүн болгон саясат болгон. Анткени, орус тилин эстегенде, биз Орусияны эстейбиз. Орусияны эстегенде биз экономикалык өнөктөштү эстейбиз. Ошон үчүн бардыгы байланыштуу болуп атат. Анан биз конституцияга, мамлекеттик тил мыйзамына киргизген менен ошол кезде өзүбүздүн мекендештерибизден, орус тилдүү кадрлардан, орус улутунан ажырап калабыз деп айтып жатканбыз да. Алар бизге буфер болуп берип атат, Кыргызстандын техникасына, экономикасына чоң жардам берип аткан өкүлдөр дечүбүз. Бирок бүгүн жашоонун мыйзамы өзү көрсөтүп койгондой, ошол кете турган биздин калкыбыз кетип калды. Ал орус улуту болобу, кыргыздар болобу бүтүн эле кетти. Кыргызстандагы экономика буга эң биринчи себеп болду. Орус тилди расмий тил кылып кабыл алып койгондугу же койбогондугу, мамлекеттик тил аркылуу кысым жасагандыгы же жасабагандыгы бул жерде эч кандай мааниге ээ эмес.

- Кеткендер кетти, ал эми калгандар болсо жабылып англис тилин үйрөнүп атышат, кытай тилин үйрөнүш керек, медреселерде арабча сүйлөш керек деп жатышат. Деги ушундай заманда кыргыз тилинин ролу кандай болуш керек, силердин комиссиянын стратегиялык планы кандай?

А.Ибраимов: - Мен сиздин пикириңизге анча макул эмесмин. Анткени акыркы мезгилдерде биздин республикада мамлекеттик тилге артыкчылык бериле баштады десем болот. Себеби 90-жылдарга чейин бардык мурдагы СССРдин республикаларындай сыяктуу эле англис, орус тилине кандай артыкчылык берилип келсе, бүгүнкү күндө кыргыз тилине артыкчылык бериле баштады. Бул процесс албетте, акырындык менен жай жүрө турган нерсе. Бирок ошого карабастан, биздин жарандар (улутуна карабастан) кыргыз тилин үйрөнүүнү күчөтө баштады.

Ал эми кытай жана башка дүйнөлүк тилдерди үйрөнөбүз деген - бул ар бир адамдын жеке иши болуш керек. Ал өзүнүн келечегинде мүмкүн адистик жагынан, мүмкүн өзүнүн экономикалык кызыкчылык жагынан көрүп атса керек. Мен биздин республикада мамлекеттик тил өнүгөт жана кыргыз тил эч качан жоголбош керек деп ойлойм. Анткени, анын пайдалануучулары бир миллиондон ашык калкты түзгөңдө эле ошол тил жоголбойт деген аныктама бар. Анда кыргыз тили жашаш керек.
XS
SM
MD
LG