Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

8:38 Кыргызстанда коррупция быйыл өткөн жылга караганда күчөдү


“Трэнсперенси интернешнл” уюмунун иликтөөсү боюнча, быйылкы жылы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу көтөрүлдү. Эгерде Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 150 орунда болсо, быйылкы жылдагы иликтөө боюнча 166 орунга түшүп кеткен. Кыргызстан менен катарлаш Өзбекстан, Түркмөнстан жана Зимбабве турат. Өткөн жылы Кыргызстан менен бирдей абалда болгон Казакстан беш пунктка абалын жакшыртып, быйылкы жылы 145 орунга татыган. Коррупция эң төмөн өлкөлөр катары Дания,Жаңы Зеландия жана Швеция аталган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG