Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Ооганстанга кошумча аскерлер келерки жылдын жаз, жай айларында гана жиберилет


Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Сенаттын жыйынында билдирди. Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн башчысы 15 миң кошумча аскер сураган. Гейтстин айтымында, ал талапты азыр канааттандыруу мүмкүн эмес. Бул арада Ооганстандын тышкы иштер министрлиги Пакистанга кызматкерлеринин тобун жиберди. Алар дүйшөмбү күнү Пешаварда барымтага алынган ооган элчисин бошотууга Пакистан бийлигине жардам бермекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG