Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

СОТ КАДЫРБЕКОВГО БАЙЛАНЫШКАН БШК ТОКТОМУН ЖОККО ЧЫГАРДЫ


Биринчи май райондук соту кечээ БШКнын Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековго каршы берилген арызды канагаттандырды. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому жокко чыгарылды. БШК 19-сентябрдагы отурумунда Кадырбековдун камакта кала берүүсүн сураган Республикалык каржы полициясынын сунушун четке каккан. Бүгүн болсо Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн катышуусунда Бишкек шаардык соту Кадырбековго таандык дагы бир арызды карары күтүлүүдө.

Биринчи май райондук сотуна арызды Кадырбековдун Бишкектеги Асанбай шайлоо округу боюнча шайлоодогу атаандашы Рахат Бейшенбаев берген. Даттануучу тарап БШК мындай токтом чыгарууга укугу жок болчу, анткени, Кадырбеков шайлоо башталганга чейин эле камакка алынган жана бул маселени сот аркылуу гана чечүү керек деп санайт.

Даттануучунун коргоочусу Александр Мошиндин айтымында БШК токтомду өз түшүнүгүнүн чегинде чыгарган, ошондуктан, ал мыйзамсыз :

- Соттон БШКнын 19-сентябрдагы токтомун жараксыз деп табууну жана Каржы полициясынын Ишенбай Кадырбековду камакта кармоо тууралуу суранычын канагаттандырууну милдеттендирүүнү сурайм.

БШКнын сотко катышкан өкүлү Абдывалы кызы Акмаралдын айтымында, токтом талапкерлердин укуктарын теңештирүү максатында мыйзам чегинде кабыл алынган. “Токтомду БШК юристтердин коомдук палатасынын, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин бүтүмдөрүнүн негизинде чыгарган, ошондуктан, доомат негизсиз”, - деди БШКнын өкүлү. Анткен менен, БШК райондук соттун чечими боюнча соттун жогорку тепкичтерине даттанууну ылайык көргөн жери жок.

Адвокат Кубан Калыков болсо соттук териштирүүнү Кадырбековду шайлоочуларга жеткирбөө максатында атайын жасалып жаткан аракеттердин бири дейт :

- Тең укуктуулук принциби деп сотто айтылып атпайбы. Жок, менин оюмча менин жактоомдогу Ишенбай Кадырбековдон булар чоң атаандашты көрүп атат.

Дагы бир жактоочу Ишен Айтманбетов талапкерди шайлоого катыштырбоонун бардык аргалары изделип жатат деген ойдо. Мындай пикирин ал кечээ экинчи ирет кийинкиге жылдырылган Бишкек шаардык соттогу дагы бир ишке байланыштырды.

Чындыгында Бишкек шаардык соту Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сураган Азимбек Бекназаровдун арызын карай албай жатат. Бул арыз шайлоо өнөктүгү баштала электе берилген болчу. Сот кечээки отурумга камакта отурган Ишенбай Кадырбековду алдырып келди. Бирок Бекназаровдун айтымында, каржы полициясынын өкүлдөрү келбей калып, сот отуруму бүгүнкүгө которулду:

-Каржы полициясынын өкүлдөрү, Кадырбековду камакка алгандар сотко келген жок. Биз иш ордунан да таппай жатабыз. Тергөө да жүргүзбөйт. Мен бир жарым айдан бери адвокатмын, бир да тергөө ишин жүргүзө элек али. Жөн эле адамды камап, жаап коюп жүрүшөт.

Бекназаров бүгүнкү сот отурумунда Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жаңы негизди, талапкердик макам бар экендигин сотко келтиргени жатат. Ал эми каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боров эч кандай саясат менен иши жок экендигин, тергөө уланып жаткандыгын, Кадырбеков камакта отургандыгын “Азаттыкка” бир күн мурда билдирген болчу.

Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков кызматынан аша чаап пайдаланды деген айып менен Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлөнүп, беш айдан бери камакта отурат. Акыркы жолу райондук сот Кадырбековдун камакта отуруу мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартуу чечимин 26-августта чыгарган болчу.

Асанбай округдук шайлоо комиссиясы Ишенбай Кадырбековду “Ата Мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер кылып 6-сентябрда каттаган. Ошондон бери Кадырбековдун тарапкерлери үгүт иштерине катыштыруу үчүн аракеттерди жасап майнап чыгара албай жатышат. Тергөөгө тоскоол болбой тургандыгына кепилдикти тиешелүү тараптарга Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган коомдук-саясий ишмерлер беришкен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG