Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

КЫРГЫЗСТАН, КИМДИН АЛАКАНЫНДА?


“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Кыргызстандык укуу коргоочу Чолпон Джакупованын “Бийликпи же бийлик жыргалыбы?” деген макаласына орун берди. Автор Кыргызстан системалык кризиске батканын бардык эле акыл-эси бар адамдар жакшы түшүнөөрүн, азыр айыл чарбасы, медицина, билим берүү, өнөр-жай өндүрүшүнүн калган каткан калдыктары укмуштуудай тездик менен кыйрап баратканын, энергетиканы жетчү жерине чейин жеткирип бүтүшкөнүн, коррупция менен проституция гүлдөп, селсаяк балдар менен наркомандардын, СПИД дартынын тамыры жайылганын, ыймандын ыдырап калганын, ошондуктан учурдагы мамлекеттик системаны жаңылоо керектигин, бийлик деген болгону жарандардын проблемаларын чече турган гана куралга айлануусу зарылдыгын баяндады.

Орусия президенти Д. Медведов КМШ өлкөлөрүнүн октябрь айында өтө турган Бишкек саммитине эле катышып тим болбостон Кыргызстанга да ырасмий иш сапарын жасай турганын белгилеген Кыргызстандык саясат иликтөөчүлөр орус президенти дал ушул сапарында Америка аскер базасынын Кыргызстанда мындан ары калуу же калбоо маселесин кабыргасынан коет деп айта башташты.

Орус-Славян университетинин эксперти, политология доктору Кадыр Маликовдун байкоосуна ылайык ушул жыл Кыргызстандын тышкы саясатын аныктай турган жыл болот. Анткени Кыргызстан ушул жыйында мындан ары “КИМ МЕНЕН?” деген суроого жооп бериши керек. Саясат иликтөөчүнүн айтымында, тышкы саясаттагы “көп багыттуулук”деген түшүнүк өткөн чакка айланууда. Батыш Орусияны канчалык кыскан сайын, Орусия КМШ өлкөлөрүнө ошончолук “ким менен болоруңарды аныктагыла” деген талабын коюп жатат деди.

Кабарчынын: ”АКШ ошентип күчкө сала берсе эле базасын колдон оңой-олтоң чыгарып баса береби?” деген суроосуна эксперт, албетте, андай болбойт, Американын Кыргызстандан бүгүн да, эртең да, андан кийин да кетейин деген оюу жок. Анын үстүнө Кавказдагы жеңилүү ызасын тарткандан кийин АКШ Борбор Азияда калуу үчүн баарын жасашы мүмкүн, ошондуктан аскер базасын сактап калуу милдети турат деп айтты.

“АКШ өз позициясын бекемдеп калуу үчүн кезектеги башаламандык калайманын салып жибериши мүмкүнбү?” деген суроого ал, анын тышкы саясатынын тактикасы мындай ыкмалардан куру эместигин, бирок бул көп сценарийлердин бири гана болоорун, азыр чалмакей чалыш үчүн идеялык база, материалдык ресурс, күчтүү лидер жана элдин нааразылыгы керектигин, азыр бул үчөөнүн Кыргызстанда акыркысы гана барын, эгер дагы фантазиялай турган болсок деп белгилеген эксперт, азыр америкалыктардын ордуна ислам факторун коюуга болор эле деп билдирди.

Кедейчликтин, коррупциянын, нааразылыктын далдасында бүгүн өлкө аймагын исламдаштыруу геометриялык прогресс менен өсүүдө, эгер Кыргызстандын атка минерлери мындан ары карай да калктын маанайын уруп ойнобой, өз билгендерин жасап, социалдык-экономикалык абалды начарлата берсе аягы жакшылыкка алып барбайт деп эсептейт Кадыр Маликов.

Ушул эле макаланын аягында президент К.Бакиевдин сүрөтүн коштогон чакан кабар басылды. Анда Орусиянын Федералдык Федерация Советинин председатели Сергей Миронов 11-сентябрдагы Бакиев менен жолугушуусунда “Сиздердин мамлекет башчысынын позициясы орус саясатчысы катары мени толугу менен канааттандырды” дегенин шилтеме кылып, демек, биздин президенттин да позициясы бар экен да, ал кандай позиция болду экен? Эмне үчүн өзүбүз шайлаган президенттин позициясын өзүбүз билбей чет өлкөлүктөрдүн оозунан угабыз? Кыргыз президентинин басма сөз кызматына кайрылсак, “күтө тургула” деп жооткотот деп жазды.

“Дело №...” андан ары “Кыргызстандан адамдар да, акчалар да, капиталдар да кетип жатат” деген темадагы макаласында энегетика кризиси, жарыктын саат-сааты менен өчүрүлүшү чакан жана орто ишкерликке кесепетин тийгизип, ушу тапта өндүрүшүн жолго коюп калган ишкерлер өнөржай ишканаларын сатып жиберип же башка өлкөлөргө көчүрүп кете баштагандыктары тууралуу кеп кылды. Ошол эле убакта Кыргызстандын эли бүгүн бийликтин кылып аткан кылыктарына анализ жүргүзмөк тургай баш көтөрүп акарат айтканга жөндөмү жок элге айланды, демек мындай аң-сезим менен өлкөдө жашоо-турмушту оңдоо мүмкүн эмес, анын үстүнө Кыргызстанда жаштардын кереги да, келечеги да жок деп жазылат аталган макалада.
XS
SM
MD
LG