Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

13:18 Мугалимдер менен айыл тургундары парламент алдына талап менен келишти


Жогорку Кеңеш имаратынын алдына бүгүн Талас, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарынын жыйырмадан ашык мугалими келишип, 2003-жылы айлыкка кошумча 30 пайыздык акы төлөп берүү боюнча өкмөт токтомун жана ага байланыштуу чыгарылган сот чечимин аткарууга көмөктөшүүнү талап кылышты. Мугалимдерден тышкары парламент алдына Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн аймагындагы Селекционное айылынын жанындагы жаңы конуштун тургундары келишип, 3 жылдан бери жарыксыз, суусуз жашап жатышкандыктарын билдиришип, депутаттардын кийлигишүүсүн талап кылышты. Алар жаңы конушка суу тартып, конушту электр тармагына кошууга шарт түзүү өтүнүчү менен Отун-суу жана энергетика министрлигине жарым жыл мурун кайрылышканы менен оң жооп ала албай жатышкандыгын, эгер бул талап орундалбаса күтүүсүз кесепетке алып келиши мүмкүн экендигин жарыя кылышты. Айыл тургундары менен Сокулук районунун акиминин орун басары Руслан Алыбаев жолугушуп, көйгөйдү чечүү маселеси түштөн кийин талкууланаарын билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG