Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Башкы ассамблеянын 63-сессиясы уланууда. Шейшемби күнү сессияда жалпы саясий талкуулар башталды. Жарыш сөздөрдө сүйлөгөнү 120 өлкөнүн өкүлдөрү, алардын ичинде 79 мамлекет башчысы, 38 премьер-министр келишти.

Жалпы талкууларды баш катчы Пан Ги Мун ачты. Өз сөзүндө ал дүйнө үлкөн үч проблемага – финансылык,энергетикалык жана азык-түлүк кризисине туш келгенин белгиледи. Тамак-аш тартыштыгы жер шарындагы элдерге катуу коркунуч туудурууда. Былтыр ушу кезде бир тонна күрүч 330 доллар турса, быйыл ал 730 долларга жетти. Баш катчы кризистерге дүйнөдө прогресс тең кылка бөлүлштүрүлбөгөнү да себепкер болуп жатканына назар буруп, “байгер өлкөлөр рецессиядан чочулап жаткан кезде жакыр өлкөлөр тамак-ашка жетинбей отурганын” эске салды.

Булардын тышкары ар кайсы жерлерде уруштар тутанып, жаңы тирештин ызгаарлуу апаздары угула баштады. Планетага климаттын өзгөрүшү чоң дүмөк салууда. Азияда, Латын Америкасында, жалпы эле өнүгүп жаткан өлкөлөрдө күчтөрдүн жана лидерликтин жаңы борборлору түзүлө баштаганын көрсөтүп, баш катчы мындай жаңы дүйнөдө тирештин эмес, кызматташтыктын жолун издөөгө чакырды. “Бир да өлкө башкалар менен өнөктөш болбой туруп өз кызыкчылыгын коргой албайт, өз элинин жыргалчылыгын камсыз кыла албайт”, - деп эскертти Пан Ги Мун.

АКШ президенти Жорж Буш быйыл Башкы ассамблеядагы жарыш сөзгө акыркы ирет катышты. Ал өз сөзүндө дүйнө өлкөлөрүн терроризмге жана ядролук куралдардын таркатылышына каршы активдүү күрөшүүгө үндөдү. “Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү бул иште бирдиктүү болууга тийиш. Террорчулар дүйнөнүн бир да жеринде, анын ичинде өкмөттөрдүн контролдугуна кирбеген аймактарда да сыйынта албагыдай абалга жетишүүгө тийишпиз”, - деп айтты Буш.

Глобалдык бул балакет менен күрөштө Буш Иракта, Ооганстанда ийгиликтер болуп жатат деп эсептейт. Ошол эле учурда ал бир катар өлкөлөрдү, айрыкча Сирия менен Иранды террорчуларды колдоп жатканы үчүн айыптады. Буга кошо Түндүк Корея менен Иранга ядролук программалары үчүн толук өлчөмдө санкциялардын күчүн колдонууга чакырды.

Буш ошондой эле Орусияны да сынга алды. Улуттар Уюмунун уставында чоң жана майда өлкөлөр тең укуктуу деп айтылганын эске салып, Орусиянын Грузияга басып киргенин Буш хартиянын ушул эрежесин бузгандык катары баалады. Уюмдун мүчөлөрүн ал Грузияга,бардык башка жаш демократияларга колдоо көрсөтүүгө чакырып, алардын арасында Украинаны, Иракты, Ливанды, Ооганстан менен Либерияны атады.

Башкы ассамблеянын катышуучуларын Буш дүйнөлүк финансылык кризисти жөнгө салуу үчүн АКШ чечкиндүү аракеттерди көрөрүнө ишендирди.

Бул темага кайрылып, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва эл аралык финансы институттарын кескин сынга алды. Алардын азыр дүйнөлүк рыноктогу чайкоочулуктун анархиясына каршы күрөшүү үчүн абройу да, жетерлик механизмдери да калбаганын айтып, да Силва эл аралык экономикалык мекемелерди таптакыр жаңы базада кайра түзүп чыгуу зарылдыгына дүйнө жетекчилеринин көңүлүн бурду.

Франциянын президенти Николя Саркози болсо “жөндөлмө капитализм” системасын кайра калыбына келтирүүгө убакыт келгенин эске салды. “Жөндөлмө капитализм” дегендин маанисин ал чечмелеген жок, болгону мындай системада банктар өңчөй экономикалык өнүгүүнү гана каржылай турганын, азыркыга окшоп чайкоочулук кылбай каларын тактады.

Саркози глобалдык финансы кризисин талкуулоо үчүн дүйнөлүк лидерлер быйыл жыл этегине чейин чукул жыйынга чогулушу керек деп эсептейт.Ал ”чоң сегизди” кеңейтүүнү, ага Индияны, Кытайды, Түштүк Африка Республикасын, Мексиканы жана Бразилияны кошууну сунуш кылды. Кавказдагы жаңжалга байланыштуу француз президенти Евросоюз Москва менен байланыштарын чыңдаганга кызыкдар экенин бышыктады, ошол эле учурда Орусиядан суверендүү мамлекеттердин территориялык бүтүндүгүн урматташын да талап кылды.

Территориялык бүтүндүк проблемасын Сербиянын президенти Борис Тадич кең-кесири козгоду. Косовонун бир жактуу түрдө көз карандысыз мамлекет катары жарыяланышын Улуттар Уюмуна кирген мамлекетти анын эркине жана Коопсуздук Кеңешинин каршылыгына карабай бөлчөктөө аракетине теңештирип, Тадич эл аралык сотто бул маселенин биротоло башын ачып алууну сунуш кылды.

Атап айтканда, бир мамлекеттин территориясындагы тигил же бул сепаратистчил аймактар тышкы колдоочуларына таянып өзүн эгемен өлкө кылып жарыялаганы эл аралык мыйзамга ылайыкпы же ага кайчы келеби – Улуттар Уюмунун Эл аралык соту ушуга так кесер бүтүм чыгарып бериши керек. Болбосо азыркыдай практика Улуттар Уюмунун ушу туштагы системасынын түбүнө жетери калетсиз, деп эскертти серб президенти.

Биринчи күндөгү жарыш сөздөрдө Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад да чыгып сүйлөдү. Мунун алдында ал “Лос-Анжелес таймс” гезитинде жарыяланган маегинде дүйнөлүк кризистер үчүн жоопкерчиликти Буштун администрациясына жүктөдү.

Соңку он жылда АКШ өкмөтү бир катар каталыктарды кетиргенин айтып,мунун көрүнүктүү мисалы катары Ирактагы интервенцияны атады. Вашингтондун мындай саясаты келечекте да жакшы натыйжаларга алып келбейт,анткени бул саясат бүт дүйнө элдерине зыян алып келди, деп тыянактады Ахмединежад.

Башкы ассамблеядагы жалпы саясий талкуулар 3-октябрга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG