Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

13:30 Парламент дин жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун октябрда карайт


Мындай чечим мыйзам долбоорун “Ак жол” фракциясынын депутаттары жабык эшик артында талкуулагандан кийин кабыл алынды. Фракциянын өкүлү Зайнидин Курмановдун айтымында, долбоорду эл аралык уюмдар, бейөкмөт эмес уюмдар биргелешип талкуулап,орток пикирге келгенден кийин гана кароого алынат. Анткени, жаңы мыйзамды кабыл алуунун башкы максаты-улуттук коопсуздукту сактоо жана ар кандай диний агымдардын мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизүүсүнө бөгөт коюу. Ушундан улам диний уюмдарды же агымдарды каттоого алууда аны жактоочулардын саны мурдагы мыйзамдагыдай 10 адам эмес андан көп санда болсун деген талап коюлууда. Буга дин жөнүндөгү алгачкы мыйзам кабыл алынган мезгилден бери көз караш, максаттардын катуу өзгөрүлгөндүгү жана эл аралык террорчул уюмдарга диний уюмдардын аралашуусу башкы себеп. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG