Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

15:45 Америка университети АКШдан аккредитация алган Кыргызстандагы алгачкы ЖОЖ болот


Аталган университет бул максатта Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинен (ЮСАИД) беш жүз миң доллар грант алып, Кошмо Штаттарындагы сертификациялоо боюнча комиссиядан өтүү үчүн иш-аракеттерди баштаганы жатат. Аккредитация алуу жараяны эки жылга созулат. Бул убакыт аралыгында америкалык эксперттер чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу, окутуунун шарттарын жакшыртуу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп сунуштарын беришмекчи. Эгерде процесс ийгиликтүү аяктаса аталган окуу жай сапаттуу билим бере алган, окутуу системасы, илимий даржалары жана дипломдору Кошмо штаттарында таанылган алгачкы окуу жай болуп калмакчы. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Америка университетинен кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG