Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

15:03 Сот укук коргоочулардын арызын кароодон баш тартты


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Психикалык саламаттык жана коом” аттуу коомдук бирикменин жетекчиси Бурул Макенбаева билдирди. Аталган бирикме Саламаттык сактоо министрлиги психикалык саламаттыкты сактоо боюнча Кыргызстан 2005-жылы кирген Европалык пландын кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу министрликтен маалымат ала албагандан кийин маалымат бербегендиги үчүн министрликтин статс-катчысы Касымбек Мамбетовду жоопко тартуу өтүнүчү менен Бишкектин район аралык сотуна арыз берген. Сот министрлик мөөнөтүн өткөрүп берген жооп каты толук маалымат берет деп эсептеп, укук коргоо уюмунун арызын кароодон баш тартты. Район аралык соттун мындай мамилесине нааразы болгон Бурул Макенбаева бул маселе боюнча эми Бишкек шаар сотуна арыз жолдоорун билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG