Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Каржылык кризиске байланыштуу АКШ администрациясы сунуш кылган куткаруу планы Конгрессте талкуулана баштады. Бирок өкмөттүн планында каралган чаралар мыйзамгерлер арасында карама-каршылыкты жаратканы талкууга чейин эле белгилүү болгон. Конгрессте өкмөттүкүнө атаандаш сунуштар чыгууда. Документ добушка алымча –кошумчалар менен апта соңунда коюлчудай.

АКШнын каржы секторун каптоо менен бирге башка мамлекеттерге да жайыла баштаган кризистин шартында Вашингтон сунуш кылган план каржы тармагын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар ажыратууну карайт.

Документти иштеп чыккан каржы министри Генри Полсондун (Henry Paulson) ысымы менен аталган план үч эле бетке жазылган. Ага ылайык каржы министрлигине 700 миллиард доллар менен катар кризисти жөнгө салуу үчүн өзгөчө ыйгарым укук да берилиши керек.

Кезинде Уолл Стриттин жетекчилеринин бири болуп иштеген Генри Полсон өз планын "чечкиндүү" чара катары мүнөздөйт. Сенаттын Банк иштери боюнча комитетиндеги кечээги талкууда ал планды тез жактырууга Конгрессти кайрадан чакыруу менен мындай деди:

-Биз өткөн аптада базардагы чакчелекей жаңы деңгээлге чыгып, экономиканын башка секторлоруна өтө баштаганын көрдүк. Биз эми бул будуң-чаңдын түпкү себептерине карата олуттуу жана ар тараптуу түрдө чечкиндүү чараларды көрүшүбүз абзел.

Полсондун Ак үй колдогон планы боюнча Каржы министрлиги коркунучка кептелген банктардын карыздарын сатып алып, кайра сатууга, кайсыл банкка кандай жардам керектигин өз алдынча аныктоого, ал эми Конгресске жагдай тууралуу бир жылда саналуу эле жолу маалымат берүүгө укук алат. Мындан сырткары Каржы министрлигинин бул учурда кабыл алган баардык чечимдери кийинчерээк болуучу ыктымал соттук териштирүүлөрдөн бошотулат.

Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бул банктарга азыркы кризистин учурунда жоготкон акчалары, бери дегенде аларды банкроттуктан сактоого жетиштүү өлчөмдө кайтарылып берилет дегенди туюндурат.

Банкттар болсо акчасынан бир нече жолдор аркылуу айрылды. Алар үй сатып алуучуларга миллиардаган доллар кредит берип, насыя алгандар болсо ипотекасын төлөй албай калды. Банктар өздөрү башка каржы инситутуттарынан карызга алган акчасын кайтара албай жатышат.

Алар ошондой эле түрдүү фонддорго инвестиция салган. Фонддордун сунуш кылган продуктысы болсо тездик менен өскөн турак-жай базарына тикелей да, тикелей эмес да жол менен байланган эле. Турак-жайдын баасы болсо азыр кургуйга кулап олтурат.

Америкалык администрациянын планы Конгрессте дароо эле карама-каршылыктарды жаратты. Оппозициядагы демократтар менен республикачылардын консерваторлору сунуш кылынган планды турак- жай базарынан кирешүү табуу мүдөөсү оңунан чыкпай калган банктарды сыйлоо катары баалашууда. Алар ошондой эле Каржы министрлиги Конгресстин көзөмөлүсүз эле кошумча ыйгарым укук алышына макул эмес.

Сенаттын Банк иштери комитетинин төрагасы Кристоффер Додд (Сhristopher Dodd) кечээги талкууда буларды айтты:

-Менин көз карашымда бул кризике багытталган кандай план болбосун үч принципти камтуусу керек. Биринчиден америкалык салык төлөөчүлөр кыйынчылык менен тапкан акчасы туура жана жоопкерчилик менен колдонуларына кепилдик алышы абзел. Экинчиден бул пландын аткаруучулары жоокерчиликтүү жана аракеттери ачык-айкын болушу үчүн талаптагыдай көзөмөл орнотушубуз зарыл. Акыр аягында биз бул кризистин түпкү себептерине кайрылып, күрөөгө коюлган турак-үйдү сатып алуу укугунан айрылгандардын саны биздин өлкөдө өсүүсүн токтотушубуз керек.

Демократ сенатор Кристоффер Додд - Конгрессте өкмөттүкүнө атаандаш иштелип чыккан пландардын биринин автору. Анын планы өкмөттүн акчасы менен аман калган банкттар каржы министрлиги менен менчик үлүшүн бөлүшүүнү талап кылат.

Сенаттын Банк иштери комитетинин төрагасы иштеп чыккан пландын шарты боюнча Каржы министрлиги банкттардын сатып алынуучу активдеринин базар баасына туура келген үлүшүнө ээлик кылып калышы керек. Банкка ээликтеш болуу, банк келечекте алуучу кирешелерин да өкмөт менен бөлүшөт дегенди тубндурат. Бул - өкмөт ошол банкты аман алып калуу үчүн кетирген чыгымын кайтарып алуусунун бир жолу.

Каржы министри Генри Полсондун планында болсо, банктарды сактоо үчүн кеткен чыгымдар качан жана кантип кайтарылып алынаары анчалык даана көргөзүлгөн эмес.

Николас Данбар (Nicholas Dunbar) - "Акча жаратуу: Капиталды узак мөөнөткө башкаруу тарыхы жана анын артында жаткан легендалар" деген китептин автору. Ал администрациянын планы алымча-кошумчалар менен кабыл алынат деп эсептейт:

-Мен Полсондун планы ушул апта ички өзгөрүүсүз чыгат деп ойлобойм. Конгресстен кошумча көзөмөл сураган адамдар буга чейин эле болду. Буштун администрациясы өз сунуштарын Коргресттен демократтардын өзгөртүүсүз өткөрүп кетүүсү мүмкүн эмес.

Айтор америкалык мыйзамгерлер ушул апта ичиндеги талкууларда өкмөттүн планына атаандаш чараларга көбүрөөк көңүл бурчудай.

Анткен менен республикачылар жана демократтар арасында да өкмөт каржы секторуна токтоосуз жардам бериши керектигин, антпесе банкттардын биринин артынан экинчиси банкрот болуу тобокелчилги тургандыгын түшүнүү бар.

Маселе эң эрте дегенде Эл өкүлдөр палатасында бейшембиде, Сенатта жума күнү добушка салынары күтүлүүдө.

Талкуулардын тез кетүүсү бир жагынан президенттик шайлоо өнөктүгүнө да байланыштуу. Конгресстеги эки партиянын тең мүчөлөрү өз талапкерлеринин үгүт өнөктүгүнө кол кабыш кылуу үчүн апта соңунан тарта штаттарга чыгып кетүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG