Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮНӨ ЭЛПЕК МУРАСКОР ДАЯРДАП ЖАТАБЫ?


Президент Курманбек Бакиев мындан бир канча күн мурда Кыргызстандын түштүк аймагын кыдырып жүрүп, Жалал-Абат облусунун эли менен жолугушуп жаткан маалда мөөнөтү бүткөн соң президенттикке барбай турганын, экс-президент Аскар Акаевдин каталарын кайталоого ниети жоктугун, президенттикке ат салышкысы келгендер эмитен даярдана берүүсүн айткан эле. Президенттин бул сөзүн серепчилер ар кандай жоромолдошууда. Мындай билдирүүсү менен президент өз саясаты Орусиядагы сценарий боюнча баратканын, ал эмитен өзүнө В.Путин сыяктуу мураскор даярдап жаткандыгын далилдеди дегендер да жок эмес. Бийликчил “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү болсо президент экинчи мөөнөткө барарын, бирок үчүнчү мөөнөт тууралуу сөз да болбошу керектигин айтышууда.

Президент Курманбек Бакиевдин мөөнөтү бүткөн соң президенттиктен кете тургандыгы тууралуу сөзү Кыргызстандын саясий элитасын кыйла ойго салды. Мындай пикирин президент Жалал-Абат шаарында иш сапары менен жүргөн убагында айткан эле:

- Мен түбөлүкө президент болуп калайын деген оюм жок. Булар ойлоп атат окшойт, К.Бакиев дагы А.Акаевдей болуп мөөнөтү бүткөндөн кийин “мен көп иш баштадым эле, ушуну аягына чыгарып коёюн” деп дагы суранабы деп. Суранбайм мен, алар коркпой эле коюшсун. Президенттикке даярданып аткандар, даярдана беришсин.

Президенттин бул кебинде, ал 2010-жылы эле президенттик биринчи мөөнөтү бүткөн соң шайлоого барбай турган болдубу же конституциядагы укуктарынан пайдаланып кийинки шайлоодо да жеңип чыгып, экинчи мөөнөтү бүткөнгө чейинки мөөнөттү айттыбы белгисиз болуп калган. Андыктан, серепчилер арасында, К.Бакиевдин жакынкы жылдары бийликтен кете коюшу күмөн, кеткен күндө да айтканынан чыкпаган мураскор калтырууга умтулушу толук мүмкүн экендигин айткандар арбын. Бул боюнча саясат талдоочу Марат Казакпаевдин пикири төмөнкүчө:

- Менин оюмча, өзүнүн мураскорун чыгара турган болсо бул киши экинчи мөөнөткө барбашы мүмкүн. Бирок билесиңер да, КМШдагы Казакстан, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин президенттери баары айтышпады беле, барбайбыз деп. Ошентип коюп эле кайра экинчи-үчүнчү мөөнөткө чейин барышпады беле. Негизи К.Бакиев азыр конституция боюнча экинчи мөөнөткө бара алат да, ошондой эле кылат менин оюмча. Анткени, карап көрсөк азыр анын командасында ылайыктуу мураскор жок болуп атат. Анын үстүнө оппозиция да кайра күчөп атат.

Ошентсе да саясатта ар кандай убадалар айтыла берерин, К.Бакиев мурда да көптөгөн убадаларды берип коюп аны аткарбаганын, ошол себептүү президенттин мөөнөтү бүткөн соң бийликте калууга умтулбай турганына ишенүү кыйын экендигин айткандар бар. Жаш саясат талдоочу Улан Жуманаевдин пикиринде, азыркы президенттен ар кандай кадамдарды күтүүгө болот:

- Мен жеке өзүм К.Бакиевге ишенбейм. Ал өзүнүн убадаларын аткарган жок да. Маселен, КТРди коомдук кылам деп айтты эле. Дагы көптөгөн убадаларын аткарган жок. Убадаларын аткарбагандан кийин ага ишениш кыйын. Керек болсо көптөгөн убадаларды берип коюп үчүнчү мөөнөткө барышы толук мүмкүн же В.Путиндин жолун жолдогонго баш коюшу ыктымал.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланган депутаты Ибрагим Жунусовдун пикиринде, “президент кийинки мөөнөткө барбайм” деп 2015-жыл тууралуу айткан болуусу ыктымал. Мына ошол 2015-жылы гана президент мөөнөтүн узартууга барбай турганын айткан депутат, 2010-жылы К.Бакиев президенттик шайлоодо жеңип чыгарына ишенерин билдирди:

- Балким “кийинки мөөнөт” дегени 2015-жылдыр. Мобу 2010-жыл боюнча президенттикке барбай койгонго эч кандай деле негиз жок. Эми оппозиция айтып атат деп эле барбай койбойт да.

XS
SM
MD
LG