Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

И.ӨМҮРКУЛОВ: МУГАЛИМДЕРГЕ КАЙДЫГЕРЛИК МАМИЛЕ КҮНҮМДҮК КӨРҮНҮШ БОЛУП КАЛДЫ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ (23-сентябрь) Бишкекте жер-жерлерден келишкен жетимишке чукул мугалимдер эмгек стажысына кошумча акчаны төлөтүп берүү талабы менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жетекчиси менен жолугушкан эле. “Азаттыктын” түз маегинде парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жетекчиси Иса Өмүркулов айыл жергесинен келген мугалимдердин суроо-талабынын чечилиши тууралуу сөз куруп берди.

-Кечээ Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык билдирип келишкен мугалимдердин маселеси чечилгидейби? Кечээ сиздер өткөргөн жыйындын натыйжасы кандай болду же баягы эле кагаз жүзүндө кала бере тургандайбы?

И.Өмүркулов: - Бул маселе жылдын башынан бери курчугандан курчуп келатат. Бул албетте, мамлекеттин, өкмөт тараптын эч бир көңүл бөлбөстүгүн көрсөтүп турат. Өзүңүздөргө белгилүү май, июнь айларында 300 миллиондон ашык акчаны ушундай күчкө алып отуруп төлөп бердик эле. Эми анда төлөмдөр жетишпей калган мугалимдер республиканын булуң-бурчунан кайра келип жатат.

Кечээ күнү биздин комитеттин демилгеси менен ушул маселе комитетке чыгарылды. Каржы, билим берүү министрлерин чакырдык, сөздөрүн уктук, тилекке каршы, каржы министри каражат жок, муну төлөй албайбыз деген сөзүн айтты. Бүгүнкү күндө жалпы сот баракчасы колунда бар мугалимдер ала турган сумма 100 миллиондун тегерегинде. Эми ушул 100 млн. сомду таап бере албай, өкмөттүн абалы кандай экени көрүнүп турат. Бул социалдык, экономикалык эле эмес, бул гуманитардык тармакта дагы мамлекеттин терең кризиске учураганын көрсөтүп турат.

- Демек бюджеттин каржылоосунда отурган эң төмөнкү айлык акы алгандардын бири - мугалимдердин эмгек стажысына кошумча акча алуусу бул алардын мыйзамдуу акчасы да, туурабы?

И.Өмүркулов: - Толугу менен мыйзамдуу. Төлөнүп берилбесе - бул соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн деген негизде педагогдор өкмөттү сотко берүүгө толугу менен укугу бар. Конституция боюнча өздөрүнүн укугун коргош керек. Соттун чечимин аткарбаган бийликте турган чиновниктер мыйзам алдында жооп беришке тийиш.

- Бирок мыйзамдуу акчанын 2003-жылдан бери төлөнбөй келгенине эмне себеп болуптур. Кечээ каржы министри маалымат бердиби ушуга байланыштуу?

И.Өмүркулов: - Эч маалымат берген жок. Бул мугалимдерге жасаган мамиле болуш керек. Эгерде эки-үч жыл мурун эле ушул суммаларды четинен төлөй баштаганда толугу менен бүгүнкү күндө өкмөт кутулмак. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө каражаттар кайда кетип жатат. Жыйырма млн. долларга курал-жарак сатып алды деп атат, бөлөк жактарга кетип атат. Бирок мугалимдерге кайдыгерлик мамиле бүгүнкү мезгилде күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды.

- Жаны окуу жылы башталганына бир ай эле болду. Бирок ушул мезгилде мугалимдер балдарга билим үйрөткөндүн ордуна минтип өздөрүнүн 5-10 миң сом акчасынын артынан чуркап жүрүшү өлкөнүн келечегине чабылган балта болуп атат деп айтылып кетпедиби. Сиз ушуга кошуласызбы?

И.Өмүркулов: - Мен толугу менен кошулам, мына бүгүнкү күндө бечара мугалимдер кышка даярдык, көмүрдүн баалары, кийим-кече, тамак-аш кымбат деп атат. Ушул мезгилде иш таштоо баштайбыз деп жатышат. Дегеле, биз силерге керекпизби деген сөздөрдү кечээ комитеттин жыйынында угуп отуруп кишинин сай-сөөгү сыздай турган эле проблема болуп жатат.Ошондуктан бүгүн өкмөт тарабынан бул тармакка такыр көз жаздымда калгандай мамиле жасалууда.

- Демек, тез арада чара көрүлбөсө, олуттуу маселелерге алып келчү иш турбайбы?

И.Өмүркулов: - Албетте, алып келет. Себеби, бүгүн түштүк тараптагы мектептерде, бүт жерде аким, жергиликтүү бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүү болуп, булар сотко кайрылса дагы булардын атуулдук укугун тебелеп, сотто дагы бул иштер кароого алынбай жатат.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG