Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Түндүк Корея ушул аптанын ичинде Йоңбйондогу өзөктүк реакторду кайра ишке киргизүүнү пландаштырып жатат


Түндүк Корея Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин мөөр басылып бекитилген кулпуларын ачып, көзөмөлдөөчү жабдууларын чыгарып салды жана БУУнун аталган агенттиги мындан ары реактордун иштерин көзөмөлдөй албастыгын билдирди. Бул тууралуу МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. АКШ, Жапония, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн жардамы менен жетишилген келишимге ылайык былтыр Йоңбйондогу реактордун иши токтотулуп, ишкананын көпчүлүк жабдуулары чечтирилип, бул жараян МАГАТЭнин көзөмөлүнө алынган. Буга жооп кылып АКШ Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен алып салууга сөз берген. Пхеньян Вашингтон берген убадасын аткарган жок деп Ак Үйдү сындап, ошол себептен Йоңбйондогу атомдук реакторду толук кубатта кайра иштетүүнү чечкенин өткөн аптада айткан эле. АКШ болсо өзөктүк ишканада эл аралык көзөмөл толук орнотула электигин айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG