Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Өкмөттүн кечээ күнкү жыйынында эки орчун маселе калкты жумуш менен камсыз кылуу жана Жер бөлүштүрүү фондунун иши каралды. Жер реформасы өткөрүлүп, айыл чарбасына жарактуу жердин 75 пайыз же 1 миллион 200 жүз миң гектир жер жеке менчикке берилип, калганы Жер бөлүштүрүү фондуна чегерилген. Өкмөт жыйынында мамлекет ээлигинде турчу жердин чүйгүнү жеке колго өтүп, катылган жерлердин акысын айрым аткаминерлер чөнтөгүнө солоп жатышканы айтылды.

Ушу тапта Жер бөлүштүрүү фондуна караштуу 288 миң гектирге бир аз жете жер бар. Жеке менчикке өткөрүлбөй мамлекет ээлигинде калган жерлерди ижарага берүү айыл өкмөттөрүнө берилген.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, мамлекет ээлигиндеги байлык азырынча жергиликтүү бийлик жетекчилеринин капчыгын гана кампайтууда.

- Азыр ал жерлер кимдики болуп калды? Айыл өкмөтүнүн башчысыныкы, туугандарыныкы болуп калды. Болбосо колунан келген чиновниктики. Айылда Миңбай, Жүзбай деген бар. Миң коюу барлар, ошол жердин баарын алып алышты.

Бул жагдайдан чыгуу үчүн Акылбек Жапаров Улуттук жер фондун түзүүнү сунуш кылды. Эгер ал ишке ашып калса жаңы курумга Жер бөлүштүрүү фондунун жери, жайыттар, токойлор өз-өзүнчө киргизилип, жалпы башкаруу жергиликтүү бийлик жетекчилерине эмес, өкмөткө тийип калмак. Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов кызматы чоң аткаминерлердин айрымдары Жер бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алып, бирок акысын төлөбөй келатышканын мисалга тартты.

- Азыр алардын карызы 25 миллион сомго жетип калды. Эми ошол талаштуу маселе кантип чечилерин айта кетейин. Бардык талаш сот аркылуу чечилет. Ал узакка созулат. Үч жылдан бери соттошуп карызын өндүрүп ала албагандар бар. Райондук сот, облустук сот, райондор ортолук сот, Жогорку сот. Талаш чечилгенче айыл өкмөтү кызматынан кетип, башкасы келет. Ал талашка баш ооруткусу келбейт же бул ижарачы чоң кызматттагы киши, аны менен соттошо албайбыз дейт.

Жер бөлүштүрүү фондуна тийиштүү жерлердин так эсеби жоктугун, аны айыл өкмөттөрүнүн өзү деле жакшы биле бербестигин Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мамасадык Бакиров белгиледи. Анын маалымдашынча, Сары өзөн Чүйдөгү фондуга тийиштүү жердин ижара акысы 1800 сомго берилсе, Нарын облусунда ал 5000 сомго чейин көтөрүлгөн.

- Көбүнчө жакшы жерлердин көбү үлүшкө берилип, начар жерлер Жер бөлүштүрүү фондунда калды. Алар бир жерде эмес, ар кайсы жерде. Анан да бир жерде 1,5 гектир, экинчи жерде 3 гектир, 5 гектир.

Америкалык USAID уюмунун жер маселелери боюнча долбоорунун жетекчиси Чынара Арапова Кыргызстандын 130 айыл өкмөтүнүн Жер бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлерин изилдеп чыгышканын кабарлады. Анын ырасташынча, фондго бөлүнгөн жерлер таштак, шор басып кеткен, көбүнесе жараксыз жерлер.

- Көпчүлүк айыл өкмөттөрүнөн биз документтерден “пайдаланылбаган жерлер” дегенди учураттык. Иш жүзүндө ал жерлер иштетилет. Аларга ижара келишими түзүлбөйт. Андай болгондон кийин ижара акысы кайда кетет? Ал жергиликтүү бюджетке түшпөй, башка жакка кетет.

Жергиликтүү бийлик ээлигине өткөн айыл чарба жерлери ысырап пайдаланылып жатканы тууралуу өкмөттүк жыйында көп айтылды. Айыл чарбасына делген жерлерди имарат салууга бөлүп берүү фактылары Көл боюнда, Чүй, Ош облустарында арбын кездешери белгиленди. Анын натыйжасында Жер бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлердин саны кыскарып, ушу тапта ал айыл чарба жеринин 18 пайызын гана түзөт.
XS
SM
MD
LG