Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

17:25 Ленин чокусунда 18 жыл мурда каза тапкан альпинисттердин сөктөөрү табылууда


Чоң Алай районунун акиминин орун басары Азизбек Ашыралиевдин айтымында, 1990-жылы 13-июлда Ленин чокусунда жайгашкан биринчи эл аралык экспедицияны күтүүсүздөн кар көчкү баскан. 42 альпинисттин экөө гана аман калып, калганынын тагдыры белгисиз болчу. Акыркы мезгилде күн аябай ысыгандыктан, кар мөңгүлөр эрип, маркумдардын сөөктөрүнүн калдыктары табыла баштады. Сөөктөрдү муз баскан тоолордун арасынан чогултуп, бир жерге көмүү кыйынчылыктарды жаратууда. Жергиликтүү талдоочу Эркин Абдыразаков Кыргызстанга кирип-чыккан альпинисттердин эсеп-кысабы жоктугун белгилеп, туристтик ишканаларды ирээтке салмайынча менчик уюмдар чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздай албастыгын ырастады. (ATo)

XS
SM
MD
LG