Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Түркиянын Отун-кубат министри Хилми Гүлер үстүбүздөгү айда Түркмөнстан менен Казакстанда мунай боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Айрым серепчилер Түркиянын Борбордук Азияга кызыгуусу расмий Анкаранын кайра бутуна тура баштаган Орусиядан өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоп калуу аракети менен байланыштырышууда. Орусиянын Грузиянын аймагына чабуул жасашы Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру долбоору туруктуу эмес экендигин Түркиянын эсине салды. Расмий Анкара отун-кубат тармагында өзүнүн планын коргоп калуу үчүн Борбордук Азиядагы таасирин чыңдоого үмүткөр.

2-сентябрда Түркиянын Отун-кубат министри Хилми Гүлер Түркмөнстанда иш сапары менен болуп, мунай боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан бир күн өткөн соң министр Гүлер Казакстанга келип, Астана менен отун-кубат тармагындагы кызматташтык жолдору тууралуу сүйлөшкөн.

Гүлер мырзанын сапары энергетика тармагында ири келишимдер менен коштолгон жок. Бирок серепчилер түрк министринин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапарын Орусиянын Грузиядагы согуштук өнөктүгүнөн кийинки кырдаал менен байланыштырышууда.

Ирандыктар, орустар жана америкалыктар Түркиянын отун-кубат тармагында аймакта кандай кызыкчылыктары бардыгын жакшы билишет.

Түркия отун-кубат өндүргөн өлкөлөрдүн катарына кирбейт. 2006-жылы ишке кирген Бакы-Тбилиси-Жейхан газ кууру Түркиянын отун-кубат тармагында өзөктүү ролду ойнойт.

Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру – Каспийден Жер ортолук деңизге чейин Орусияны айланып өткөн эң алгачкы эл аралык кыска жол. Бирок Түркиянын аймагындагы бул мунай кууру өткөн жайдагы сырдуу жардыруу жана августта Орусиянын Грузиядагы аскердик өнөктүгү Түркияны кандайдыр бир жаңы чаралар көрүүгө түрттү көрүнөт.

Расмий Москва Кавказдагы согуш аркылуу атаандаш куурга карата өзүнүн турумун кыйыр түшүндүрдү: Европа Орусияны куржалак калтыра ала турган долбоорлорго акчасын жумшай алат, бирок расмий Москванын дале болсо өзүнүн кызыкчылыгына каршы ири долбоорлорду жараксыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Түркия Орусияга моюн сунуп отуруп калгысы келбегендиктен, өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоп кала алган түрдүү мүмкүнчүлүктөрү болгонун кайра-кайра белгилеп турат

Грузиядагы согуштук жаңжалдан кийин Түркмөнстан жана Казакстанга иш сапарын уюштуруу менен Түркия өзүнүн таасирин Кавказ жана Борбордук Азия региондоруна таркатууга даярдыгын Кремлге көрсөтүүдө. Түрк тилдүү Түркмөнстан менен Казакстан дүйнө жүзүндө мунайдын эң көп запасы бар өлкөлөрдүн катарына кирет.

Маалыматтарга караганда, Казакстанда мунайдын 40 миллиард баррели жана 3 триллион куб метр жаратылыш газы болсо, Түркмөнстанда 2 миллиарддан 6 миллиардга чейин баррел мунай жана 3 триллион куб метр жаратылыш газы бар. Андыктан Орусия Европа өлкөлөрүнө мунай жеткирүү үчүн Борбор Азия мамлекеттеринен көз каранды. Бирок ошол эле учурда Казакстан жана Түркмөнстан совет доорунда курулган отун-кубат инфраструктурасын колдонуп, өз товарын Батышка сатууда Орусиядан көз каранды.

Эгерде Түркия Борбор Азияда чыккан мунайды Орусияны айланып Батышка жеткирүү жолун тапса, бул Орусиянын экономикасына өтө олуттуу зыян келтире алмакчы. Бирок түрк бийлигинин алдында бир топ кыйынчылыктар бар. Эң башкы маселе – ушул тапта Казакстан менен Түркмөнстанга жетүү үчүн Түркия Орусиянын, Каспий деңизинин же Ирандын аймагы аркылуу өтүшү керек.

Саясий жактан Каспий деңизин колдонуу жеңил болгону менен Түркмөнстандан Каспий деңизи аркылуу Түркияга газ жеткире турган куурду куруу иштери кымбатка турмакчы.

Арзан, бирок саясий жактан татаал жол – Иран. Бирок Иран менен Түркмөнстан ортосунда жылына 10 миллиард куб метр жаратылыш газын жеткирип турган газ кууру бардыгына карабастан, Тегерандын өзөктүк долбоору Батышты аны менен терең чарбалык кызматташтык жүргүзүүдөн чочулатып турат.

Түркиянын Борбордук Азияга жаңы дипломатиялык аракеттер менен тастыкталган кызыгуусу, байкоочулардын баамында, Орусиянын Грузиядагы кыска мөөнөттүк согушунан кийинки кырдаалдагы Борбордук Азияга карата жаңы стратегия иштеп чыгуу далаалаты катары караса болот.
XS
SM
MD
LG