Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеяcындагы саясий талкууларда шаршемби күнү бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү, алардын ичинде Украинанын, Ооганстандын, Израилдин президенттери жана Кытайдын премьери сөз сүйлөштү. Сессиянын жүрүшүнө агылгалап баам салып турушкан айрым байкоочулар 60 жылдай илгери түзүлгөн бул уюм азыркы замандагы глобалдык системанын талаптарына көп жагынан төп келбей калганын кайрадан эске салышууда.

Виктор Ющенко Украина Улуттар Уюмунун жерпайын түптөшкөн, анын Уставына авторлош болгон өлкө катары эл аралык укуктун түпкү негиздери бүлүнүп жатканын азыркы дүйнөнүн негизги дүмөгү деп эсептей турганын билдирди.

“Бириккен улуттардын уңгулуу принциптеринин бузулушу - күчкө салмай адаттардын же “кансыз согуш” мезгилиндеги айбарлуу апаздардын кайра жанданышы – бизди олуттуу бейпайга салат”, - деп айтты ал. Бул процесстерди Ющенко Украинанын жана ага жамаатташ турган өлкөлөрдүн мамлекеттик бүтүндүгүнө түзүлө турган коркунуч катары баалады.

Ушул аңытта ал Кавказдагы окуяларга токтолуп, Грузиянын территориялык бүтүндүгүн толук колдоду, анын “аймактарын аннексиялап алуу” аракеттерин “чечкиндүү айыптады” жана “Украина Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныбай турганын” ырастады.

Ооган президенти Хамид Карзай дүйнөгө кооп келтирген башка факторлорду, асыресе, терроризм, маңзаттарынын проблемасын козгоду. Өлкөдө апийим аянттары 20 процентке кыскарганын, экстремисттерге каршы күрөштө да ийгиликтер болуп жатканын айтып, эл аралык коомчулукту ооган армиясы менен полициясын чыңдоого жигердүү жардамдашууга чакырды.

Карзай бу жагынан жетерлик колдоо жоктугунан аскери операциялар маалында калк бөөдө жабыркап жатканын белгилеп, эгер жайкын тургундар минтип жайран боло берсе, терроризмге каршы күрөштүн мыйзамдуулугуна, эл аралык уюмдарга ооган элинин ишеними олуттуу төмөндөп кетерин эскертти.

Израилдин президенти Шимон Перес болсо Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишкенге Иран каскак болуп жатканына сессиянын назарын бурду. Иранды ал зобун-зомбулуктун жана фанатизмдин башкы очогу деп атады, ушунусу менен бүт дүйнөгө коркунуч түзүп, региондо диний гегемонизмге умтулуп, Жакынкы Чыгышты бөлүп-жарып, бейкуттукка жетүүнүн мүмкүндүгүн азайтып жатканы үчүн айыптады.

Алсыз уюмдун башкы жыйынында айтылып жаткан арбын сөздөр байкоочулар арасында да талаш-таңаштарга тамызгы болууда. Атап айтканда, британдык The Financial Times 60 жыл илгери түзүлгөн Улуттар Уюмунун азыркы замандагы орду жана озуйпасына байланыштуу кызыктуу эки пикирди келтирет.

Япониялык элчи Юкио Такасу, мисалы, Коопсуздук Кеңешинде ушу кезге чейин 1945-жылы согушта жеңип чыккан өлкөлөр үстөмдүк кылып турушканын натуура көрөт. “Андан бери дүйнө өзгөрдү, уюмду реформалоо үчүн сөзсүз эле жаңы согуш керек эмес”, - дейт ал.

Ал эми македониялык дипломат Срджян Керим: “Мындан отуз жылдай илгери эле Улуттар Уюмунда диктаторлор, автократтар, атүгүл кызылдай кейбирлер толтура болчу”, - деп эскерет. Азыр кантсе да демократтар көптүк кыла баштады, демек, уюмдун реформасына да убакыт керек.
XS
SM
MD
LG