Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Кечээ “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы “Динге ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жабык талкуулап, кошумча иштөөгө кайтарды. Кыргызстандагы диний уюмдарды каттоого алууну иретке келтирүү долбоордогу башкы өзгөчөлүк катары каралууда. Көз карандысыз байкоочулар болсо долбоордон мамлекеттин динди көзөмөлдөө аракетин көрүп жатышат.

“Дин ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун депутаттар Зайнидин Курманов, Рашид Тагаев, Ибрагим Жунушев, Гүлнара Дербишева иштеп чыгышкан.

Фракция мүчөсү Аскар Салымбековдун жабык жыйындан кийин журналисттерге билдиргенине караганда, фракция долбоор бышып жетиле элек деп эсептеп, аны парламентке сунуштоо мөөнөтүн октябрь айына жылдырып койду. Депутаттын айтымында, долбоордун пайда болушуна төмөнкү жагдайлар түрткү болду:

- Дин тармагында татаалдашкан маселелер көбөйүп кетти. Мына Хизб-Ут-Тахрир маселеси катуу көтөрүлүп атат, анан христиандардын ар кандай тармактары: баптистердин, иоговисттер, абдан көп сектенттык уюмдар бизге катталып алышып, алардын көпчүлүгү экстремизмге, терроризмге баштап бара турган иштерге алып барат деген бир белгилер (сигнал) түшүп атат.

Кыргызстанда 2163 диний уюм каттоодо турат. Мындан тышкары Кыргызстанд 1700дөн ашык мечит, 50дөн ашык медресе, диний окуу жайлар аракеттенүүдө. Булардын аракеттерин 1991-жылы кабыл алынып, учурда иштеп жаткан мыйзам кепилдеп турат.

Мамлекеттик жана саясий ишмерлердин бир тобу азыр бул мыйзамды өзгөртүп, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайыктоо менен алектенүүдө. Алар, маселен, диний уюмду мыйзамдагыдай он кишинин биригип түзүшүн туура эмес деп, уюм 200 мүчөсү болгондо гана түзүлөт деп жатышат.

Мындай жобо өз кезегинде диний азчылыкты түзгөн концессиялар арасында нааразылыкты жаратып, диний эркиндикке кол салуу катары бааланууда.

Мындай пикирин биз менен публицист жана журналист Жаныбек Жанызак бөлүштү:

- Мисалы, машаякчылар аз. Алар элүүдөн, жыйырмадан, отуздан өз-өзүнчө топ-топ болушат. Мусулмандар көп да. Ушуга окшогон куйтулук да бул. Мейли, каттаса каттасын, каттабаса койсун. Адам өзү билет да, ким менен баарлашат.

Ошол эле мезгилде долбоордун авторлорунун бири, депутат Зайнидин Курманов мындай дооматтарга негиз жок, Кыргызстан бардык учурда биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгынан карайт деп билдирди.

Жаңы долбоордо талылуу маселелердин катарында мечиттердин, медреселердин ишмердүүлүгүнө байланышкан эрежелер да айтылууда.

Бир топ мамлекеттик ишмерлер арасында мечиттердин, медреселердин көбөйүп бараткандыгына тынчсыздангандар да аз эмес. Ошол эле мезгилде Кыргызстандагы негизги диндин башында турган мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү мечиттер менен медреселердин көбөйүшүн элдин талабы менен байланыштырып жүрүшөт:

- Мечиттердин ачылышы – элдин муктаждыгы. Мечит, имам болбосо азыр эл кайда кетип баратканын көрүп атасыңар, - дейт муфтияттын маалымат катчысы Асан Саипов.

Катчынын айтымында муфтият аталган мыйзам долбоорун карап, өз баасын берди.

Анткен менен дин таануучу Кадыр Маликов жаңы долбоордо өлкөнүн негизги калкы туткан ислам дининин өкүлдөрүнүн сунуштары эске алынбай калып жатат дейт :

- Мусулмандардын лидерлери мамлекет бул мыйзам аркылуу диний башкармалыктын, медреселердин ишине киришеби деп тынчсызданып турушат. Себеби ал жерде кээ бир медреселерди жаап коюуга жол бере турган жоболор бар.

Долбоордогу айрым жоболордун мындай чечмеленишине ириде Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев макул эместигин билдирди:

- Жабуу боюнча эч кандай сөз жок. Алардын деңгээлин бүгүнкү күндүн талабына жооп бере алгыдай абалга жеткирүү аракеттери болуп атат.

Талдоочу Кадыр Маликовдун көз карашында жаңы долбоордун жакшы жактары жок деп айтууга болбойт. Биринчи кезекте миссионерлердин агымын иретке келтирүү аракеттерин талдоочу колдойт. Бирок, башкы өксүк – мамлекет өз кызыкчылыгын коргоодогу милдетин аныктай албай жатат:

- Мыйзам бул – курал. Биз азыр мыйзамды кабыл алып, эми аны менен эмне кылуу керектигин билбей турабыз. Биз күрөшүү керек экенин билебиз, бирок, узак мөөнөттүү мамилелер кандай түзүлөт, билбейбиз. Ушу күнгө чейин мамлекет концессияларга ишине киришүү, көзөмөл өңүтүнөн мамиле жасап жатат. А негизи өз ара кызматташтык өңүтүнөн мамиле жасалышы керек.

Кадыр Маликовдун баамында мурдагы СССРдин тутумунда жашап келген азыркы эгемен Кыргызстан үчүн советтик мамилени улантуу зыянга гана алып барат.

Анткени, өлкө эл аралык көптөгөн мыйзамдарга, анын ичинде адам укуктары жаатындагы келишимдерге да кол койгон.

Айрым маалыматтарда долбоордун фракция тарабынан октябрь айына калтырылышына эл аралык уюмдардын сунуштары жана сын пикирлер түрткү болгондугу айтылууда. Эл аралык уюмдар кандай сунуштарды бергендиги тууралуу маалымат таратылган жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG