Бул тууралуу кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаршемби күнү координациялык кеңештин мүчөлөрү жолугушуп, концепцияны жактырышты жана эми ал ноябрь айынын башына белгиленип жаткан курултайда бекитилиш керек. Концепцияда Кыргызстандын бийлик системасын өзгөртүү, жергиликтүү бийликти бекемдөө, экономикалык саясат каралган.(AiT)