Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Бул жумада АКШга Бириккен Улуттардын жылдык жыйынына келген Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Нью-Йорктун 40 чакырым алкагынан сырткары чыга албайт, себеби анын америкалык визасы жок. Бирок иран президенти АКШнын маалымат чөйрөлөрүндө "саякаттап", улам бир эл аралык маалымат каражатына маек берип жүрөт.

БУУнун баш жыйынында чыгып сүйлөйбү, Нью-Йоркто гезит кабарчылары менен жолугушабы, же америкалык сыналгыдан ыңгайсыз суроолорго жооп береби, Ирандын мамлекет башчысы бул аптада бир гана багытта кеп курууда.

Нью-Йорктогу медиа саякатында Махмуд Ахмединежад карапайым америкалыктарга өз оюн жеткирип, бир эле убакта эл аралык коомчулук менен, айрыкча АКШ жана Израил менен араздашуусунда Тегерандын турумун актоонун далалатында болуп жатат.

Ал мурдагысындай эле "Израилдин келечеги жок" деген мазмундагы талаштуу көз карашын улам кайта айтуудан тажабай, жөөт мамлекетин "кыймылдаткычы бузулган учакка" салыштырды. Бирок бул ирет иран президенти бир кездегидей "Израилди картадан өчүрүп салыш керек" деп катуу кеткен жок.

Ушул аптада "Лос-Анжелес Таймс" гезитине берген маегинде Ахмединежад "Израилди бардык палестин качкындары туулган жерине кайтып келе ала тургандай бир мамлекетке айландырыш керек" деп айтты. Эгер бул ишке ашып, миллиондогон палестиндер Израилдеги үйлөрүнө кайта турган болсо, бул өлкөдө жөөттөр азчылыкта болуп калышмакчы.

Ахмединежад ошондой эле өз өлкөсүн улам кайра АКШнын агрессивдүү тышкы саясатынын курмандыгы катары сүрөттөдү:

- Америкалык империя алган сапарынын аягына чыгып калды. Анын кийинки башчылары чегараларды билгидей болушу керек, болбосо бүгүн гегемониянын гана күнү тууп жатат.

Арийне, Ахмединежаддын медия стратегиясы ал сүйлөгөн шейшембиде БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин алдында чогулган миңдеген демонстранттарды ынандыра алган жок. Алардын бири Франсиз Элаин - Экинчи дүйнөлүк согушта Европадагы нацисттик концлагерлерден аман калган. Ал Ахмединежаддын ал согушта холокост болгон эмес деген ырастоосун мындайча айыптады:

- Ахмединежад холокост эч качан болгон эмес, аны ойлоп табышкан дейт. Анда менин ата-энем кайда, менин беш эже-карындашым, эки ага-иним бар эле, алар кайда? Алты миллион жөөт, анын ичинде бир миллион жаш бала жок кылынган. Ахмединежад болсо келип алып, холокостту ойлоп чыгаргансыңар дейт.

Ахмединежад Иран ядролук курал жасап жатат деген ырастоону да четке кагып келет. Бул ирет да ал ушул эле турумун кайталады.

Ирандын президенти ошондой эле Си-Эн-Эн сыналгы каналынын атактуу Ларри Киңдин түз эфирдеги маегине да катышты. Ал жакта Ахмединежад адаттагысындай жөнөкөй, кекиртегине чейин топчуланма боз костюмун кийип, галстугу жок келди. Өзүн жупунулугу менен элге жакын көрүнгүсү келген иран президентин «Лос-Анжелес таймс» гезитиндеги кечээки макаласында Жеффри Флейшман диний жана улуттук чек араларга карабастан, бүт Жакынкы Чыгышта эл жактырган "сурданган популист" деп мүнөздөдү.

Былтыр Нью-Йорктогу Колумбия университетинде болгондо Ахмединежад "Иранда гомосексуалдар жок" деп айткан эле. Ошондо студенттер да, профессорлор да дуулдап күлүшкөн эле, кийин бир топко чейин анын сөздөрүн эрмектеп, шакаба чегип жүрүштү. Быйыл Иран президенти өз маектеринде этият болуп, "Иранда аз санда гана гомосексуалдар бар, алар коомго коркунуч келтирет" деген маңызда гана сүйлөдү.
XS
SM
MD
LG