Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

ОРУСИЯ КАРЖЫ КРИЗИСИНИН БИР ТОЛКУНУН АЛДЫН АЛДЫ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Орусия өткөн жумада экономикасына миллиардаган доллардык жардам бөлүп жатып эбегейсиз чоң каржы кризисин болтурбаганга үлгүрдү. Орусияда 1998-жылы болгон экономикалык каатчылык эми кайталанбайт өңдүү. Бирок ошентсе да, адистердин оюнча, Орусия үчүн мурдагы инвестициялык кадыр-баркын калыбына келтирүү узакка созулчудай.

Ортоңку таптын басымдуу бөлүгүнүн чарбасын ойрон кылган экономикалык кризистен бери туура он жыл өткөн соң Орусия кайрадан экономикалык олку-солку кырдаалдын кучагына батты.

Өткөн аптада Орусиялык каржы базарлары титиреп, 1998-жылдан бери алгачкы жолу баалуу кагаздардын баасы үч күн ичинде 25 пайызга төмөндөгөн. Өткөн жуманын ортолорунда, быйылкы жылдын май айындагы эң эле жогорку көрсөткүчкө салыштырмалуу баалуу кагаздардын наркы 55 пайызга түшкөн.

Расмий Кремль 120 млрд. АКШ долларын жардам катары бөлүүгө убада кылуу менен бул жолу каржы базарларынын кыйроосунун алдын ала алды. Мынчалык сумма дүйнөлүк стандарттар менен эсептегенде да оңой акча эмес.

Премьер Владимир Путин болсо үчурдагы каржылык каатчылыкты 1998-жыл менен салыштырып болбосун баса белгилөөдө. Анын айтымында, мунун себеби Орусиянын азыркы өнүгүү денгээли мурдакыга салыштырмалуу дээрлик жогору экендигинде.

Бирок дүйнөлүк экономикалык кризис Орусияныкы сымал кооптуу каржы базарларынан инвесторлорду кетүүгө мажбур кылды.

Август айындагы Грузия менен болгон жаңжал да Орусиянын каржы базарына катуу сокку болду, анткени тышкы инвесторлор Орусиядан дээрлик 35 млрд. АКШ долларга тете капиталдык салымдарын чыгарып кетти. Президент Медведев болсо каржы базарларындагы жоготуулардын төрттөн бир бөлүгүнө согуштун таасири бар экенин моюнга алды.

Өткөн аптанын жума күнүнө (19-сентябрга) карата Орусиянын каржы базарлары бир апталык каржылык жоготууларын кайра калыбына келтире алды. Буга да кошумча кылып расмий Кремль инвесторлордун ишенимин арттыруу максатында мамлекетке таандык ишканалардын баалуу кагаздарын сатып алууну ниет кылууда. Жана ошондой эле банктардын иши жүрбөй калышынан аманатчыларга берилген кепилдик денгээлин жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору да Мамлекеттик Думага талкууга коюлганы жатат.

Деген менен Орусиянын банк жана каржы системалары дагы эле чабал абалда болуп жатканын АКШнын Гувер институтунун экономика изилдөөчүсү Михаил Бернштам (Mikhail Bernstam) мындайча белгиледи:

- Жөнөкөй себептерден улам Орусиянын каржы жаатында талылуу жерлери көп. Маселен, Батыштын каржы институттары АКШнын алдуу-күчтүү Федералдык резерв системасы, Европалык борбордук банкы жана каржы министрлиги тарабынан колдоого алынган. Ал эми Орусияда каржылык уюмдардын карамагында Борбордук банктын гана резервдери бар. Бул резервдин суммасы болгону 600 млрд. АКШ долларын түзөт. Бирок бул да туруктуу эмес, анткени Борбордук банк эски өнөкөтүн карматып, эптеп эле каржы системасын сактап калуу үчүн каражат бөлө берсе, анда рублдин наркы кескин төмөндөп кетиши ажеп эмес.

Учурда Орусиядагы брокерлер кыжаалат абалда турушат, ал эми адистердин айтымында, алардын ишенимин кайра калыбына келтирүү үчүн Орусия жасай турган чоң жумуш али алдыда. Бирок адистер белгилегендей, өткөн жумадагы кризис Орусияны болочоктогу абдан зарыл экономикалык реформаларга мажбурлап, алдыга жылуу үчүн кыймыл-аракеткее өтүүгө кыйыр түрткү болгон өңдүү.

XS
SM
MD
LG