Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

15:15 Эмгекке жарамдуу мигранттардын көпчүлүгү Орусияга кетүүнү каалайт


Бул тууралуу бүгүн “Жумушчу күч миграциясын натыйжалуу башкаруу жана Кыргызстандагы адам ресурсун иштиктүү пайдалануу” темасында өткөрүлгөн жыйында айтылды. Эмгек эл аралык уюмунун иликтөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу мигранттардын 62 пайызы Орусияга, 27 пайызы Казакстанга, 8 пайызы Түштүк Кореяга, 4 пайызы Түркияга кетүүнү каалашат. Эмгек мигранттарынын 60 пайызы сырт жакта эмгек акынын жогору экендигин, 38 пайыздан ашууну үй-бүлөсүндөгү финансылык кыйынчылыктар болуп жатканын, 13 пайыздан ашууну жумушка орношууга мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышкан. Жыйында эмгек мигранттарынын абалын кантип жакшыртуу боюнча маселе көтөрүлүп, көпчүлүк адисттер Филиппиндин миграция боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин үлгүсүн тандап алууну сунушташты. Филиппинде эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жогорку деңгээлге коюлуп, мигранттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жакшы шарттар түзүлгөндүгү айтылды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG