Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

КЫТАЙ: АЧЫК КОСМОСКО АТАЙЫН ТОП ЖИБЕРИЛЕТ


Космос тармагын ырааттуу өнүктүрүүгө белсенген Кытайда бүгүн кечинде үч астронавттан турган топ космоско аттанат. “Шенчжоу-7” (Shenzhou VII) аттуу космос кемесинин 68 саатка созула турган сапары учурунда биринчи жолу кытайлык астронавттын ачык космоско чыгуусу жүзөгө ашырылат.

Чындыгында эле Кытайдын тарыхында кала турган “Шенчжоу-7” кемесин орбитага алып чыга турган ракетаны учуруу Бишкек убактысы боюнча кечки саат жети менен кечки тогуз жарымдын аралыгында (19 саат 07 мүнөттөн же 21-27ге чейинки убакытта) белгиленген.

Ачык космоско үч астронавттан турган экипаж жиберилүүдө. Топтун жетекчиси Чжоу Цзянпиндин (Zhou Jianping) айтымында, учурууга карата бардык камылгалар өз маалында бүттү:

- Үч жылга созулган камылгадан кийин “Шенчжоу-7” учурууга даяр. Кечээ биз кемеге май куйганбыз. Бүгүн кечинде сапарга аттанууга даярбыз.

“Шенчжоу” – ханзу тилинен которгондо “ыйык кеме” дегенди түшүндүрөт. Космоско учурула турган үч астронавт 1998-жылдан бери атайын даярдыктан өтүп келишкен.

Ачык космоско биринчи болуп аба күчтөрүнүн полковниги Чжай Чжиган (Zhai Zhigang) чыгары күтүлүүдө. Чжиган сателлиттин учурулушуна дагы көзөмөл салмакчы.

Кытайлык астронавттар ачык космоско же жума (26-сентябрь), же ишемби күнү (27-сентябрь) чыгары күтүлүүдө.

Кытай – АКШ жана Орусиядан кийин өз алдынча космоско адам жиберген өлкө.

Быйыл августта Бээжинде өткөн Олимпиадалык оюндардан кийин Кытайдын массалык маалымат каражаттары жана бийлик өкүлдөрү ачык космоско атайын топ жөнөтүү менен дүйнө коомчулугуна өзүнүн технологиялык кубатын жана мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир ирээт далилдөөгө далалат кылып жаткан шекилдүү.

Айрым серепчилердин оюнча, өткөн аптада балдар үчүн өндүрүлгөн ууланган сүт азыктарынын айынан төрт ымыркайдын өлүмүнө жана дагы бир нечесинин жабыр тартышына алып келген жаңжалдан кийин Кытай бийлиги көңүлдү башка окуяга буруу аракетин көрүп жаткандай.

Мындан сырткары, бүгүнкү учуруу Кытайдын технологиялык жетишкендиктерин да айгинелетүүдө. Бул жолку учуруунун өзгөчөлүгү ачык космоско чыгуу менен гана чектелбейт, анткени Кытай бүгүн өз тарыхында биринчи жолу үч астронавттан турган топту космоско узатууда.

Кытайлык астронавттардын кээ бири Орусияда окуудан өткөн, ал эми орусиялык техникалык адистер “Шенчжоу-7” кемесин учурууга көмөк көрсөтөөрү да алдын-ала кабарланган.

Ал эми кытайлык аткаминерлер болсо бүгүнкү учуруу Кытайдын өз алдынча космостук иликтөө жүргүзө алаарын жана жада калса башка улуттун дагы астронавттарына таалим берип, космос мейкиндигине чыгарууга даяр экенин далилдейт деп үмүттөнүшүүдө.
XS
SM
MD
LG