Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

УЛУУ ХИРУРГДУ ЭСКЕРҮҮ


Бүгүн Кыргызстанда улуу хирург, академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мындан туура жүз жыл мурда, 25-сентябрда жарык дүйнөгө келген кыргыздын чыгаан уулун эскерүүгө арналган иш чара мамлекеттик тарых музейинде уюштурулуп, анын шакирттери менен бала-чакасы улуу хирургдун эмгектерин, кылган иштерин эскеришти. Ал эми президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылды.

Академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына карата 2-3-күндөн бери ар-кыл иш-чаралар өткөрүлүп, ага интеллигенция өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, чет өлкөлөрдөн келген белгилүү хирургдар катышышты. Бүгүн Бишкек шаарындагы тарых музейинде өткөн атактуу хирургду эскерүү иш чарасында да Иса Ахунбаевдин аткарган иштери жогору бааланып, анын шакирттери сөз сүйлөштү. И.Ахунбаевдин окуучусу, белгилүү хирург академик Мамбет Мамакеев да улуу хирургду эскерип, аны менен алгачкы жолукканы тууралуу буларды айтып берди:

- 1946-жылы өтө кыйын учур эле. Согуштан кийинки учурда. Айылдан “да, нет” деген сөздү билбей келип мединститутка өттүк. Бир жарым ай окудук мединститутта, ошол бир жарым айда окууга кирген балдардын жарымы кетип калышты, кыйынчылык, эч нерсе түшүнбөйбүз. Анда кыргыз врач деген такыр жок болчу. Ахунбаев деген бир кыргыз врач бар деп угуп алып, үч-төртөөбүз таап бардык. Барсак жакшы кабыл алды, анда доцент убагы экен. Биз өз арыз-арманыбызды айттык, “окуй албай атабыз, такыр тил билбейбиз, жарымы качып кетти, биз да качат окшойбуз” деп. Ошондо отургузуп алып жакшы акыл айтты, “чыдагыла, качпагыла, көрүп атасыңар кыргызда медициналык жактан адис жок” деп.

Кыргыз Республикасында жүрөк жана кан тамырларды хирургиялык жол менен дарылоону негиздеген атактуу хирург Иса Ахунбаев, “Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы” деген жогорку наамдарга ээ болуп, көптөгөн орден-медалдар менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, профессор Сейиткан Жошубаев устаты Иса Ахунбаев тууралуу мындай дейт:

- Иса Коноевич Ахунбаевдин баскан жолу – бул бүтүндөй бир доордун, Кыргыз Республикасында медицина илиминин, саламаттыкты сактоонун негизделишинин жана өлкөдө медициналык-илимий кадрлардын негизделишинин баскан жолу. Ал Ысык-Көлдүн бир айылында төрөлүп, жөнөкөй бир айылдык баладан улуу инсанга айланган.



И.Ахунбаевдин дагы бир окуучусу, профессор Мария Нанаева мындай дейт:

- Ал биздин билим абдан терең болушун каалаган эле. Биздин жөн гана жогорку окуу жайды бүтүрүшүбүздү эмес, жаш муунду өстүрө тургандай окутуучу болушубузду самачу.

Академик Иса Ахунбаевдин көзү өтсө да 2001-жылы мурдагы президент Аскар Акаев, “20-кылымдагы зор жетишкендиги үчүн” алтын медалы менен сыйлаган.

Ал эми бүгүн президент Курманбек Бакиев өз жардыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин ысымын ыйгарды.

Иса Ахунбаевдин уулу Мустафа Ахунбаев буларга токтолду:

- Мен азыркы өкмөткө жана президент К.Бакиевге кылган иштери үчүн абдан ыраазы болдум. Бул чоң иш, биз баарыбыз бүгүн абдан сүйүнүп, бактылуу болуп турабыз. Бул Ахунбаевдердин үй-бүлөсү үчүн экинчи төрөлүү. Баарыңарга рахмат айтып, таазим кылам.

Айтылуу хирург Иса Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. 1975-жылдын 5-январында жол кырсыгына кабылып, аялы, кызы жана кайын атасы менен чогуу каза болгон.

XS
SM
MD
LG