Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

25-сентябрда Бишкекте Эларалык эмгек уюму менен Кыргызстандын миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин улуттук жыйыны өттү. Анда эмгек күчүн натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды. Чет өлкөлөргө агылып кетип жаткан жаш адамдардын сыртта көп талап кылынчу кесипке ээ болуусу, мусапырлардын укуктарынын так сакталышына жетишүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын миграция жана жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулованын билдиришинче, жыл сайын 60 миңдей жаш адам чоң турмуштун босогосун аттайт:

- Ошолордун 70% жогорку окуу жайларына же орто кесиптик окуу жайларына киришет же болбосо жумуш ордун табышат. Бирок ошол эле убакта 10-15 миң киши жумушсуз калып жатат. Жумуш издеп көбү азыр башка мамлекеттерге кетип жатышат. Кесиби жок, жөндөмү жок, орто кесиптик билими жок. Мектепти бүтүп эле кетип аткандар бар. Бирок анын санын мен сизге тактап айта албайм.

Кыргызстандын айрым аймактарында жаштардын кыйгас чет жерге иш издеп кетишинен кол күчү жетишпей, анын ордун коңшу өлкөлөрдүн жарандары ээлеп, иш базарында калтыс кырдаал түзүлүп жатканын ошол эле миграция жана жайгаштыру мамлекеттик комитети белгилеп келатат.

Сыртка агылган жумушчу күчүн мыйзам жолуна салып, чет жерде мусапырлыкты баштан кечирип жаткандардын укуктарын мамлекеттик деңгээлде коргоо иштери Филиппин өлкөсүндө жакшы жолго коюлган. Бишкекте өткөн улуттук жыйында филиппиндиктердин тажрыйбасын үйрөнүү, сыртка агылган жумушчу күчүн мамлекет тарабынан коргоого алуу жайында кеп болду. Эл аралык эмгек уюмунун башкы кеңешчиси Нилим Баруа (Nilim Baruah) чет жерде иштөөгө кызыккандар керектүү кесипти мыкты өздөштүргөн адистер болушу керек, деген пикирде:

- Учурда Борбор Азиядан келген мигрант-жумушчулардын кесиптик чеберчилиги негизги маселе болуп калууда. Жумуш берүүчүлөр ишин мыкты билгендерди алууну каалашат. Жумуш берүүчүлөрдөн эмне үчүн алар жергиликтүү мыйзамга, өлкөнүн стандартына жараша сырттан келгендерге эмгек акы төлөбөгөндүктөрүн сураганда алар жумушка алынгандардын кесиптик талапка жооп бере албагандыктарын айтышат.

Иш базарында кесиптик чеберчилик баарынан жогору бааланарын эларалык эксперт Эдита Тан (Edita Tan) да белгиледи:

- Чеберчилик ошол жумушчулар ортосундагы атаандаштыктан көрүнөт. Глобалдашуу шартында ири-чакан ишканалардын баары мыкты деген адистерди ишке алышка куштар. Мыкты инженерлер, жумушчулар, маалымат технологиясын терең өздөштүргөн адистерге суроо-талап такай жогору бойдон кала бермекчи.

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Болот Ороков чет өлкөгө кетип жаткандардын көпчүлүгү керектүү кесипке ээ болбогондуктан алардын кыйласы кара жумуштан башкага жарабастыгын белгилейт:

- Анан каякка барбасын төмөн деңгээлдеги адистерди алар да жакшы кабыл албайт.

Парламент депутаты Николай Байло сырттан келген мигранттардын укугун коргоо, аларга шарт түзүү маселесине Орусия менен Казакстан анча деле кызыкдар эмес дейт.

- Себеп дегенде, мыйзамсыз миграциянын болуп турганы кайсы бир деңгээлде бул өлкөлөргө пайдалуу. Эмне үчүн? Мына биз Филиппинде болуп ал жердин тажрыйбасы менен тааныштык. Аларда бай-кедей өлкөлөрдүн баарына жарай турган уникалдуу система иштелип чыккан. Бул ишке мамлекеттин өзү катышып, миграцияны жөндөө аракетин көрөт.

Николай Байло ушу тапта Орусиянын ички дүң продуктунун 8% мигранттардын маңдай теринен жасалганын, бирок да алар үчүн мыйзамдык шарттар түзүлбөгөнүн кошумчалады. Анын айтуусунда, КМШ өлкөлөрү үчүн миграция маселесин жөндөчү орток мыйзам иштелип чыгышы абзел. Анын негизинде ар бир өлкө өзүнүн улуттук мыйзамдарын жөндөмөк. Ансыз аяк-башы көрүнбөгөн сансыз миграция агымы токтолбой, арзан жумушчу күчтүн убайын көргөн өлкөнүн экономикалык кубаты көтөрүлө бермекчи.
XS
SM
MD
LG