Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Венесуэланын президенти бүгүн Москвага келүүдө


Бул Уго Чавестин Орусияга акыркы үч ай ичиндеги үчүнчү визити. Орусиянын алдында ал Кытайда болуп, энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол койду. АКШны сындап келе жаткан Чавес өз өлкөсүнүн америкалык рынокко көз карандылыгын азайтууну көздөөдө. Венесуэла мунайын азыр Кошмо Штаттарга да сатат. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө да энергетика маселелерине басым жасалмакчы. Орусия менен Венесуэла ошондой эле акыркы жылдары курал соодасы боюнча 4 миллиард долларга эсептелген келишимге кол койду. Ушул дүйшөмбүдө Орусия Венесуэлланын жээктерине биргелешкен машыгуу өткөрүү үчүн аскерий кемелеринин тобун жөнөттү. Мындай окуя "кансыз согуш" доору аяктагандан бери биринчи ирээт орун алып олтурат.

XS
SM
MD
LG