Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

АКШ президенти өлкө олуттуу каржылык кризиске кептелгенин билдирди


Жорж Буш кечээ кечинде теледен атайы жасаган кайрылуусунда белгилегендей, экономиканын ыктымал кыйроосун алдын алуу үчүн мыйзамдык чараларды шашылыш кабыл алуу зарыл. Шашылыш чараларсыз, президент Жорж Буштун айтымында, АКШ "каржылык дүрбөлөңгө" түшүү коркунучу алдында турат. Ал бизнестин кыйрашына, миллиондогон жумушчу орундардын жоголушуна алып келиши мүмкүн. Буш Конгрессти каржылык кыйынчылыкка кабылган банктарды сактоо, экономиканы турукташтыруу үчүн өкмөт сунуш кылган, 700 миллиард долларга эсептелген куткаруу планын жактырууга үндөдү. Учурда ал план боюнча Конгрессте талкуулар жүрүп жатат. Буш ошондой эле Конгресстин лидерлерин, президентикке талапкерлер: Жон МакКейн менен Барак Обаманы кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулоо үчүн Ак үйдөгү бүгүн жолугушууга чакырды.

Бул аралыкта Республикалык партиянын президентикке талапкери, сенатор Жон МакКейн каржылык кризис менен алектенүү үчүн шайлоо өнөктүгүн токтотконун жарыялады. Ал эми Демократиялык партиянын талапкери, сенатор Барак Обама жума күнгө белгиленген теледебатты токтото туруу жөнүндөгү чакырыкты четке какты.

XS
SM
MD
LG