Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ КОНГРЕССТИ КАРЖЫ КРИЗИСИН ЖОЮУГА БАГЫТТАЛГАН МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛУУГА ЧАКЫРДЫ


Эдил Сапарбек уулу, Прага АКШ президенти Жорж Буш өлкөнүн банк секторун сактап калуу үчүн өкмөт сунуштап жаткан долбоорду жактыруусун Конгресстен өтүндү. Америкалык салык төлөөчүлөр үчүн 700 миллиард доллардан ашуун түйшүк болчу мындай көмөкчү кадамдын долбоору азыркы тапта АКШ мыйзамчылары тарабынан кызуу талкууга алынууда. Бул маселе боюнча добуш берүү эртеңкиге (жума күнгө) болжолдонууда. Ал эми АКШнын президентигине ат салышып жаткан талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейндин ортосунда жума күнкүгө белгиленген алгачкы бетме-бет талкуу экономикалык кризистин айынан үзгүлтүккө учурап калат шекилдүү.

АКШ өкмөтү өлкөнү жарга кептеген каржы кризисинин кесепетин азайтуу үчүн банк секторуна 700 миллиард доллардык көмөк көрсөтүү сунушун көтөрүп чыккан. Ал эми мындай сунуштун орундалышына алгач Конгресстин макулдугу керек эле, бирок Конгрессте да мындай демилгеге каршы чыккандар аз эмес.

Маселен, мыйзам чыгаруучулардын басымдуу бөлүгү, эгерде мамлекеттик каражат сарптала турган болсо, анда ал натыйжалуу болушуна кепилдик болушунун таасын механизмин өкмөттөн талап кылышууда.

Деген менен, Ак үйдүн мамлекеттик көмөк көрсөтүү тууралуу сунушуна каршы чыгып жаткан конгрессмендер бул демилге акыры Конгрессте колдоого ээ болорун сезип калышты, бирок долбоордун айрым жагдайларын тактоону талап кылышууда.

Президент Буш болсо, Республикачыл жана Демократиялык партиядан сунушталган президентикке талапкерлердин жана Конгресстин айрым мүчөлөрүнүн катышуусунда бир орток чечим кабыл алуу үчүн чукул жыйын өткөрүүнү эп көрүүдө. Ал ортодо, экономикалык кризистин айынан АКШнын президентигине ат салышып жаткан талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейндин ортосунда 26-сентябрга белгиленген алгачкы талкуу үзгүлтүккө учуроо коркунучу алдында турат.

Шаршемби күнү (24-сентябрда) Республикачыл партиянын талапкери Жон Маккейн каржылык кризиске байланыштуу өзүнүн шайлоо өнөктүгүн токто туруп, Вашингтонго кайтуу чечимин кабыл алганын билдирди:

- Биз Демократтар же Республикачылдар катары эмес, америкалык атуулдар катары жолугушууга тийишпиз. Биз дал ушул каржы кризиси чечиле элек кезде жолугууга тийишпиз. Мен өз өнөктүгүмдү Обаманын шайлоо өнөктүгү менен бирге жүргүзүүгө багыттап жатам. Ошондуктан президенттик талкуу боюнча комиссияны жума күнү кечки убактыка белгиленген талкууну биз бул каржы кризисин чечкенге чейин кечеңдете турууну сурап жатам.

Бирок Демократиячыл партиянын талапкери Барак Обама талкууну токтото турууга макул болгон жок:

- Менимче, азыр Американын эли (шайлоодон жеңип чыккан соң) болжол менен кырк күн аралыгында бул каржылык башаламандыкты жоюу менен алектенчү адамдын сөзүн уга турчу нагыз учур келди.

Демократтардын президенттикке талапкери ошентип, АКШнын экономикасын чыңдоо жана жаңы президентти тандоо – бири-бирине айкалышкан кош милдет экенин шайлоочуларынын эсине салды.

Шаршембиде (24-сентябрда), Федералдык Резервдин жетекчиси Бен Бернанке (Ben Bernanke) Конгрессте айткан сөзүндө бул экономикалык каатчылык экинчи дүйнөлүк согуштан берки өзгөчө олуттуу каржы кризиси болуп саналаарын жана анын кесепети жалпы дүйнө жүзүнө тийиши ыктымалдыгын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG