Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

18:29 Губернатор Өмүрбек Суваналиевди кызматтан кетирүү талабы менен президентке кайрылуу жолдонду


Мындай кайрылууну Нарын шаардык кеңешинин бир катар депутаттары жолдошту. Эки барактан турган кайрылууга учурдагы Нарын шаардык кеңешинин 8 депутаты кол койгон. Анда 2008-жылдын 18-сентябрында шаардык кеңештин сессиясы болуп, шаар мэрлигине талапкер Боогачиевге макулдук берилген жок жана бул фактыны губернатор Өмүрбек Субаналиев ар тараптан позитивдүү карап баа берүүнүн ордуна каршы добуш берген депутаттарга күч колдонуу, кысым көрсөтүү жолун тандап алды, муну менен Субаналиев өлкө президентинин аброюн эл аарсында кескин түшүрүүдө деп айтылат. «Урматтуу Курманбек Бакиев Өмүрбек Субаналиевдин аракеттерине укуктук жактан баа берип, чара көрүп, кызматынан четтетип, биздин конституциялык, жарандык укуктарыбызды коргоого жардам берүүңүздү” өтүнөбүз деп аяктайт Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG