Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

18:35 Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата Жалал-Абатта да кемчиликтер байкалууда


Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Жалал-Абат облусундагы байкоочулары бир нече кемчиликтерди аныкташты. Коалициянын узак мөөнөттүү байкоочулары участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо кодексине дал келбей түзүлгөнүн белгилешти. Комиссиялардын курамына бир мектептен 4-5 мугалим жана кызмат адамдары кошулуп калган. Шайлоо кору ачылбагандыктан депутаттыкка талапкерлер үгүт баракчаларын чыгара албай, маалымат каражаттары аркылуу шайлоочуларга максат-мүдөөлөрүн айтып бералышкан эмес. Алар талапкерлик укуктары чектелип жаткандыгын байкоочуларга билдиришкен. Мындай кемчиликтерди оңдоо жагы шайлоо комиссияларына сунуш кылынды. Коалициянын байкоочулары 5-октябрда Жалал-Абат жана Кочкор-Ата шаарлары менен Базаркоргон районундагы шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө ала турган болушту. Облустук бөлүм тарабынан ал үчүн жакынкы күндөрү кыска мөөнөттөгү 30 байкоочу даярдалат. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG