Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

9:50 Жогорку Кеңеш кечээги чечимин жокко чыгарды


Парламент 25-сентябрдагы отурумунда 2-3-октябрда өтүүчү пленардык жыйынын орозо айт күнүнө байланыштуу 29-30-сентябрга жылдырган чечим кабыл алган. Анда Салык кодексинин долбоору талкууланмак. Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутаттар ал чечимди жокко чыгарышып, пленардык жыйынды 2-3-октябрда өткөрө турган болушту. Анда Салык кодексинин жаңы долбоорун талкуулашмакчы. Төрага Айтибай Тагаев президент Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда өлкө башчысы парламентке Салык кодексин шашпай, тыкат электен өткөрүп кароону сунуштагынын билдирди. “Ак жол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов болсо Салык кодексинин жаңы долбоорунун кыргыз тилиндеги котормосу жок экенин, талкууда мамлекеттик тилдеги үлгүсү дагы болушун талап кылды. Учурда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүүдө. Анда энергетика, азык-түлүк жана кышка даярдык маселеси каралууда. Премьер-министр Игорь Чудинов кышка даярдыктын көрүлүшү, электр кубаттуулугуна жана газга байланыштуу маалымат берүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG