Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

10:20 БШКнын төрайымы Клара Кабилова кызматтан кеткенин видео тасма аркылуу билдирди


Бүгүн "АКИ-пресс" маалымат агенттигинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев, СДПКнын мүчөлөрү Бакыт Бешимов, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, "Ар намыс" партиясынан Бөдөш Мамырова жана "Акыкйат үчүн кыймылынан" Аликбек Жекшенкулов жана башка оппозиция мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн видео кайрылууда Клара Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев камакта жаткан Ишенбай Кадырбековго байланыштуу иш боюнча аны коркутуп-үркүтүүлөр болгонун, өмүрүнө коркунуч туулгандыктан чет мамлекетке чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирди. Ал эми БШКнын басма сөз кызматы болсо К.Кабилованы Белорус Республикасынын шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу менен кеткенин кабарлашты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG