Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

11:30 Азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 миллиард куб метрди түзөт


Бул былтыркы дал ушул мезгилге салыштырганда он үч миллиард кубга аз дегенди түшүндүрөт. Мындай маалыматты бүгүн парламентте өкмөт башчы Игорь Чудинов билдирди. Ал өлкөдөгү жалпы энергетикалык кырдаал тууралуу маалымдап, 24-сентябрга карата Кыргызстанда электр энергиясы токсон төрт миллион киловатт сааттан ашык керектелгенин белгиледи. Өкмөт башчы Бишкектеги жылуулук электр борборунун кышка даярдыгы тууралуу айтып, борбордун үзгүлтүксүз иштеши үчүн он эки отун агрегат жана сегиз куур агрегаты керектинин айтты. Маалымат берилгенден кийин депутаттар өкмөт башчыга суроо узата баштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG