Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

БШК ТӨРАЙЫМЫ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ


БШК төрайымы Клара Кабилова өлкөдөн чыгып кетишин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жасалган кысым менен байланыштырды. Кабилованын мындай билдирүүсүн жана видеотасманы оппозиция бүгүн уюштурган маалымат жыйынында жарыя кылды. БШК Клара Кабилованы Беларусияда өтөөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн кетти деп билдирип, видеотасма тууралуу түшүндүрмө берген жок. Президенттин маалымат кызматы да азырынча бул маселе боюнча маалымат тарата элек.

Видеотасма аркылуу Кабилова “Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Кадырбековдун шайлоо укугун камсыздоо боюнча отурумунан кийин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө, уят сөздөр менен мазактоого кабылдым. Эгер Максим Бакиев мени коркуткусу келсе, ал максатына жетти, эгер ал мени мазактагысы келсе ага жетти” деп билдирди.

Кабилованын сөзүнө караганда, мындай көрүнүш бир эле мамлекеттик кызматкер эмес, жөнөкөй жарандын, мамлекеттин коопсуздугу коркунучка кабылып жатат.

Кабилованын билдирүүсүнө түшүндүрмө берген “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Клара Кабилова Кыргызстандан чыгып кетти. БШК төрайымы өлкөдөн чыгып кетишин президент Курманбек Бакиевге кирүү, анын күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпай койгондугу, мамлекеттик башка бир катар кызматкерлер колдоо көрсөтпөгөндүгү, өзүнүн коопсуздугун өлкөдө кепилдей албагандыгы менен байланыштырган. Текебаев ошондой эле БШК төрайымы мындай чечимди дүйшөмбү күнү кечинде кабыл алган деп билдирди.

Оппозиция өкүлдөрү муну үй-бүлөлүк башкаруунун туундусу катары белгилеп, бул маселеден бийлик токтоосуз тыянак чыгарышын, чукул арада факт боюнча кылмыш козгоп, тиешелүү жетекчилерди дароо кызматтан алууну талап кылышты.

СДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Бакыт Бешимов Кыргызстан коркунучка кабылгандыгын белгиледи. Ал бийликти баш прокуратура баштаган тартип коргоо кызмат жетекчилеринин ордун оппозиция өкүлдөрү менен алмаштырууга чакырып, ансыз бул окуя “матрешка” чатагынын түгөйү бойдон кала берет деди. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, бул окуяны оппозиция коомдук комиссия түзүп, иликтейт.

Оппозициянын билдирүүсүнө расмий бийлик жооп кайтара элек. Борбордук шайлоо комиссиясы Клара Кабилованы Беларусияда өтөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн кетти деп билдирип, видеотасма тууралуу түшүндүрмө берген жок. Президенттин маалымат кызматы да азырынча бул маселе боюнча маалымат тарата элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG