Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

15:50 Клара Кабилова 24-сентябрда президент менен жолугушууну белгилеп, бирок келген эмес


“Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев Клара Кабилова 24-сентябрда саат 15:00до президент менен жолугушууну белгилеп, бирок келбегенин, Курманбек Бакиев БШКнын мурдагы төрайымы менен жолугушууну күткөнүн айтты. Н. Шакиев Клара Кабилова видеокайрылуусунда айткандары тууралуу тиешелүү органдарга кайрылса бул окуя иликтенерин кошумчалады. Кайрылуу жазылган тасманы президент көргөнүн жана анын чын аныктыгы текшерилерин белгиледи. Клара Кабилованын президенттин уулу Максим Бакиевди айыптаган видеокайрылуусун бүгүн “Акыйкат үчүн” оппозициялык кыймылы маалымат жыйында көрсөткөн. БШКнын мурдагы төрайымы Максим Бакиевдин коркутуп-үркүтүүсүнө кабылганын, бул окуя боюнча президент менен жолугушуу аракеттеринен майнап чыкпай акыры өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун жарыялашкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG