Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

С.ЖАЙЧЫБЕКОВ: АЗЫРКЫ БИЙЛИКТИН ТУШУНДА АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫКПАЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ Жогорку сот Аксы окуясына айыптуу деп жоопко тартылган үч кишинин сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу көзөмөл арызын карап баштады. Бишкек гарнизонунун аскер соту Жалал-Абат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев, ошол эле облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ички иштер министринин мурунку орун басары Садырбек Дубанаевге 2002-жылкы 17-марттагы кан төгүүгө жоопкер деген чечимин чыгарып, шарттуу түрдө кескен. Жогорку соттун кечээки териштирүүсүнө катышуудан аксылык жабырлануучулардын адвокаты жана коомдук коргоочулары расмий түрдө баш тартышты. Мунун себебин билүү үчүн биз таңкы түз ободогу маектешүүгө аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековду чакырдык.

- Жогорку соттун териштирүүсүнө катышуудан эмне үчүн баш тартканыңыздардын себебин айтып кетсеңиз.. Буга сот адилеттигине ишенбөөчүлүк гана себеп болдубу же дагы башка шарттар барбы?

- Биринчиден, бул сот адилеттигине ишенбөөчүлүктөн келип чыгып атат. Экинчиден, андан башка дагы себеп, шарттар бар. Анткени мурунку бийликтин башында тургандар гана Аксы окуясына катышпастан, азыркы бийликтин башында тургандар дагы Аксы окуясынын чыгышына себепкер болгондуктан биз ушундай деп эсептедик, мындан ары Аксы окуясы боюнча так, адилет, жакшы өкүм чыкпайт деп.

- Быйыл 17-мартта Аксыда өткөн Элдик сот Аксы окуясына чекит койду, деп айтууга болобу? Анткени бул окуя азыркы бийлик турганда баары бир акыйкат чечилбейт, деген сөздөр айтылган?

-
Былтыркы жылы 17-мартта Аксыда өткөн элдик сот чекит коебу деген суроого негизинен эл үчүн чекит койду, башкача айтканда бул чыгарылган элдик соттун өкүмү. Кыргыз мамлекетинин атынан иштеп аткан жогорку соттун, же сот органдарынын өкүмүнө караганда так, аныгыраак чыкты. Юридикалык күчү болбогону менен бул эл үчүн өтө саясий чоң мааниси бар. Бул мамлекеттин адилет бийлик жүргүзүүсүнө толук ишенбөөчүлүктү көрсөттү деп эсептейм.
-

- Бишкек гарнизондук сотунун өткөн жылкы октябрь айында Кубанычбек Токобаев менен Зоотбек Кудайбергеновго карата, ал эми быйыл май айында Садырбек Дубанаевге карата чыгарган чечимдерине аксылык жабырлануучулар да, адвокат катары сиз да канааттанбаганыңыздар маалым. Бирок сиздер тараптан минтип жогорку соттук бутактарга кайрылуу аракеттери болгон жок. Буга да сот адилеттигине ишеничтин жоктугу себеп болгондур?..

-
Себеби ишеним жок. Себеби жоопко тартыла турган бир катар адамдарды жоопкерчиликке тартпастан, башкы прокуратура жоопкеричиликтен чыгарып жиберди, алардын үстүнөн кылмыш ишин кыскартып койду. Тикелей-тике ок аткандар, анын ичинде тикелей-тике жетекчилик кылгандар бар. Мисалга айта турган болсом Токобаевдин огунан жаракат алган балдар бар, баллистикалык экспертиза боюнча такталган. Алар жоопко тартылбастан жоопсуз калып атат. Анан кийин жоопкерчиликке тартканда дагы ушунчалык оор кылмыштын себепкерлери болсо дагы аларды 3 жылдан кесип туруп, анан баарысын шарттуу деп эсептеп коюп атат. Ал эми тикелей-тике 18-мартта атууну уюштуруп жүргүзгөн Садиев болсо акталып кетип атат. Анан кандай ишенич болушу мүмкүн, алардын мындан ары дагы калыстык менен өкүм чыгарып берет дегенге. Калыстык менен өкүм чыгарылбайт. Себеби сот органдары бардыгы президенттин жана депутаттардын бийлигинин алдында. Алар өз алдынчылыгын жоготуп койгон. Депутаттар каалаган күнү каалаган соттун соттук милдетин алып коюуга шарты бар. Себеби азыркы бийликте отурган “Ак жол” партиясы толук президенттин партиясы. Анан ошол сотторго кандай ишеним болушу мүмкүн?..

- Демек Аксы окуясына күнөкөрлөрдүн арасында мүмкүн президенттин өзүнүн аты дагы аталып жүргөн эле буга чейин. Мүмкүн сиз дагы ошентип ойлойсуз?

-
Аксы окуясына президенттин түздөн-түз катышуусу бар. Буга чейин биз билген эмеспиз. Тайфун операциясы премьер-министрдин алдында талкуудан өткөндөн кийин, анын жыйынтыгында ошол опрецияны колдонууга мүмкүнчүлүк берип, премьер-министр болуп турганда Курманбек Бакиев өзү кол койгон. Документтердин баары гезиттерде жүрбөйбү.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG