Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

16:55 Д.Ошуракунова: Клара Кабилова видео кайрылуу менен чектелбеши керек


Эгерде ал өзүн акмын деп эсептесе өткөн жылы декабрдагы парламенттик шайлоо жөнүндө ачык-айкын айтып, шайлоо кандай бурмаланганын, бийлик тарабынан кандай көрсөтмөлөр болгондугун коомчулукка ачык жарыялашы керек. К.Кабилова бул маселе боюнча мыйзам бузуулар болгонун далилдүү мисалдар менен айтып берсе, Жогорку Кеңешке шайлоону жокко чыгаруу керек, деп "Азаттыкка" билдирген “Жарандар демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованын айтымында, БШК бийликтин айткандарын аткарган орган болуп калды. Ошуракунова учурда түштүк аймагында 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын, жергиликтүү карапайым калк шайлоо тууралуу маалымат менен толук камсыз болбогонун кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG