Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

17:50 Ысык-Көлдүн Корумду айылында мугалимдер иш ташташты


Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын мектеп окуучулары 26-сентябрь күнү окуган жок. Анткени кошумча эмгек акы үчүн бөлүнгөн 766 миң сомдун берилбей атканына нааразыланган 30 мугалим иш таштоого чыкты. Тарых сабагынын мугалими Бегимша Калматова район боюнча Корумду мектебинин мугалимдери гана акчаларын алабай атканын билдирди. Анын айтуусунда, Бишкекке чейин арызданып барган Максатгүл Мамытова дагы, мектеп директору Эмил Мааткеримов дагы жумуштан бошотулду. Ал эми Ысык-Көл райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова башка райондогулар менен чогуу алынбай калган акчага мектеп директору күнөөлү деп, ал кызматынан өз каалоосу менен кеткенин ырастады. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG